// //

Аяштарымдан болочок кайын энемди сурасам оозумду ачырып сүрөттөп беришти

2021.06.22, 15:26
7915

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө эки жылдай болгон. Баш кошуу, үй-бүлө күтүү планыбыз бар болчу. Батыраак ишке ашпай жатканынын бирден-бир себеби  туруктуу, кирешелүү жумуш таба албай жатканында.

Менин ишеничтүү жумушум бар. Үй-бүлө кура берели, экөөбүздүн акча жашообузга жетет десем көнбөйт. Үй-бүлөнү эркек камсыздаш керек, аял тапкан акчасын өзүнө гана коротушу абзел дечү. Туура дегилечи, бирок ынтымакташып оокат кыласа болот да, ээ?

Дагы бир ишке аша элек планыбыз апасы менен тааныша электигим. Алдын ала болочок аяштарымдан кандай аял деп сураштырдым. Алардын айтымы боюнча апасы келиндерине күн көрсөтпөйт. Аябай каардуу, урушчак аял. Айткандары боюнча элесттесем бар го, жанагы “Келин” деген Индиянын киносу, ошондогу кайын эне. Анандини урушуп эле турат эмеспи.

“Мейли, кичинекей кыз эмесмин. Анан да ар ким ар кандай айта берет эмеспи. Жолдошум жакшы адам болсо болду”, деген ой мага да келди.

Эртең таанышабыз деген күнү көйнөк издедим, күзгүнүн алдында даярдандым. Эми биринчи “впечатление” кандай болсо ошол боюнча кабыл алышат дейт го. Баары сонун. Мен даярмын.

Жигитим экөөбүз жолго чыктык. Бир сыйра план түздүк. Гүл, торт алдык. Үйүнө жеттик. Жеңеси жаркылдап күлүп тосуп алды. Апасычы? Ал эмнеге сыртка чыккан жок.

- Апам базарга кетти эле. Азыр келип калса керек.

Дасторконго олтурдук. Жарым сааттан кийин болочоктогу кайын энем кирип келди. Менин кыйгач карап:

- Балам ашык болгон кызбы? Кай жердин кызы болосуң? Ата-энең эмне болуп иштейт? Жогорку билимдүүсүңбү?

Бардык суроолоруна жооп бердим. Бир маалда минтип урушуп кирсе болобу: Сен менин балама татыксыз экенсиң, башын тегеретип жүргөн окшойсуң. 

Аңгыча телефонун чырылдап калды. Алсам жигитим экен.

-Жаным, уктап калдыңбы? Мен сени күтүп олтурам.

Ыя?

Өх, түшүм экен. Айылга жеткиче кабатырланып бардым. Таанышуу менин түшүмдөгүдөй болгон жок. Апасы мага сүрөттөп беришкендей эмес экен.

Жашоо бирде ылдый, бирде өйдө эмеспи. Кээде бизден өткөн ынтымактуу келин кайын эне жок, кээде тескерисинче.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт