// //

Жездем эмне үчүн мага мындай кылаарын айтып эжемди ыйлатты

2021.06.19, 18:52
15243

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үй-бүлөдө үч кызпыз. Барыбыз эрезеге жетип, өз арабабызды өзүбүз тартып калган убактабыз. Мен болсо эркесимин. Улуу эки эжемдин турмушка чыкканына беш жылдай болуп калды. 

Азима эжемдин күйөөсүнө суктанам. Менин да жолдошум ушундай болсо экенин дейм. Берки жездем деле мыкты адам, бирок алар бизден алыста жашайт. 

Эмнеге жездемдей күйөөлүү болгум келет жазайынбы? Анткени ал эжемди ушунчалык сыйлайт, сүйөт, урматтайт. Карап олтуруп ушундай да күйөө болобу деп коем.

Экөө болжол менен бир жылдай кыз-жигит болуп жүрүп үйлөнүштү. Эжекемдин кыялы кичине чорттураак бирок жездем аны сүйгөн үчүн чыдады окшойт. Кээде атайын алыстан келсе да  жолугууга чыкпай койчу. Шылтоосу “кичине башым ооруп турат”. 

Мага дайыма таттууларды берип жиберчү. Кээде алар менен бир сейилдөөгө чыккан майрам болчу. Экөөнө бирдей эркелеп, каалаганымды жеп, мага жаккан жерлерге барчубуз. Мен тандаган кинону көрчүбүз. 

Бир жолу сабактан келсем эжем үйдө экен. Көздөрү шишигиче ыйлаптыр. Кирсем эле мени жаман көздөрү менен карап “калп деп айтчы” деди. Түшүнгөн жокмун. 

- Биринчи учурашсаңыз боло. Эмнени калп деп айтайын?

- Сени жездең менен соо эмес деп жатышат. 

- Эмне, ким? Мына кызык.

- Тиги, курбуларым. 

- Ыя апа, Азима эжем боюңузда барда болбогон кептер үчүн сиз да ыйладыңыз беле? 

Эжемдин ден соолугуна байланыштуу эки жылдан кийин гана кош бойлуу болгон. Кош бойлуу айымдар ишенчек, ызакор, өтө эле эрке болуп калабы дейм. 

Мурунку курбулары менен жоолугушуп, жездемдин мага кылган жакшы мамилеси тууралуу айтып берсе, алар туура эмес ойлору менен бөлүшүп койгон окшойт. Жездеме барып ыйлап, таарынып, үйгө келе бериптир. 

Аркасынан эле жездем келди. Биз менен учурашып эле, эжемдин алдына туруп, аны сооротту. Эжемди сүйөөрүн айтып, бир туугандарына дагы сый мамиле кылаарын, мындан кийин башкалардын сөзүнө ишенбөөсүн өтүндү.

Күлкүлүү да туурабы? Эмне жезде менен балдыз сый болсо болбойбу? 

Азыр көлгө эс алганы келгенбиз. Жездем кызын ойнотуп олтурат. Эжем апам менен көлгө түшүп жатат. Улуу эжем эртең эрте келип калса керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт