Күйөөмөн картайып, бетимди бырыш басканда сүйөсүңбү десем, жообу таң калтырды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Чогуу жашаган 15 жыл ичинде көп эле жолу уруштук. Балдар үчүн, акча үчүн, болор-болбос нерселер үчүн дегендей. Бирок, бизде бир эреже бар, эч качан таарынган бойдон уктабайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Ушул эрежени карманганга аракет кылып келатабыз.
Жүдөтүп ар кандай суроолорду бере берем. Уйкум келбесе, аны чукулап уктатпайм. Менден качып балдардын бөлмөсүнө кирип жатып алат. Аларды ойготуп албайын деп артынан барбайм. Амалкөйүн айткыла (күлүп).
Жумушта отурсам кээде себепсиз чалып, “курсагың токпу, бир неме жедиңби” деп сурап калат. Аябай сүйүнөм. Эмне анча кам көрүп десем, жөн эле деп кутулат. Сезимдерин көп билдире бербейт. Оор басырыктуу адам. Көпчүлүк ага сүйлөгөндөн тартынат. Мен жанында жыргап күлүп жүрсөм, таң калышат. А мен күйөөм кандай экенин билем да.
Тойго барып калсак сөзсүз вальс бийлешибиз керек, бул дагы бир эрежебиз. Конкурстарга катышсам кол чаап дем берип турат. Бир жолу бий конкурсу эле. Берилип кетипмин кулап түштүм. Күйөөм заматта чуркап жетип келди. Мен аны караган деле эмес экен деп ойлогом. Тамада “мына байкемдин сүйүүсү, белекти ушул эжеге бергиле” деди. Баары кол чапты. Күйөөм мени көтөрүп алып чыгып кетти. Тизем бир ай ооруп жүрдү го чиркин. Уткан белегим кант салган идиш (күлүп). “Ошону мен деле алып бермекмин” деп күйөөм кабатыр болот. “Жок, сен түшүнбөйсүң, аны утуш керек” десем, айласыздан жылмаят.
Бүгүн дагы уйку жок. Телефонду бир сыйра чукулап чыктым. Анан күйөөмдү ойготтум.
- Уктай элексиңби?
- Мммм...
- Мени сүйөсүңбү?
- Йяя, ммм...
- Уктап жатасыңбы?
- ...
- Азыр ойлонуп кеттим. Кийин карып, семирип, чачымды ак, бетимди бырыш басканда деле азыркыдай сүйөсүңбү? Азыркыдай кылып карайсыңбы? Же...
- Уктатпай койдуң го... Сен карысаң мен жаш бойдон калмак белем. Мен деле семирем, менин деле чачымды ак, бетимди бырыш басат. Бирок, жүрөгүм, андагы сага болгон сезимдерим ошол бойдон калат. Анткени, ал ичимде, эч ким көрбөгөн жерде.
Катуу кучактадым. Ал дагы кучактап чекемен өптү. Анан кытылап жүдөтүп кирдим. Жаздыгын көтөрүп балдардын бөлмөсүнө качып жөнөдү. Дагы жетпей калдым. Эмкиде сөзсүз жетип кармап калам.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди