// //

Эмне үчүн ВИЧке тест тапшырып коюшуңуз керек

2021.06.18, 10:40
2349

Коомдо дагы эле ВИЧ-инфекциясынан баңгизат колдонгондор же чаржайыт жыныстык катнашка барганда жабыркайт деген стереотиптер бар. Чындыгында андай эмес, бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясын ар бир адам жуктуруп алышы мүмкүн.

Андыктан, тобокелдиктерди алдын алуу үчүн убагында текшерүүдөн өтүп туруу керек. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова эмне үчүн ВИЧке тест тапшырып коюшуңуз керек экенин айтып берет.

Өзүңүзгө кам көрөсүз

Өзүңүздү жакшы сезсеңиз, туруктуу өнөктөш менен жыныстык катнашка барсаңыз жана баңги заттарды колдонбосоңуз дагы, денеңизде ВИЧ вирусу жок дегенге кепилдик бербейт. Вирус организмиңизде ондогон жылдар бою эч кандай клиникалык көрүнүштөрсүз жүрүшү мүмкүн. Андыктан, байкабай жүрө берип, өзүңүздү гана эмес, жакындарыңызга дагы коркунуч туудурушуңуз мүмкүн.

СПИДди алдын аласыз

Инфекция жөнүндө канчалык эртерээк билсеңиз, өмүрүңүздү узартууга жана анын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот. Анын үстүнө, керектүү медициналык жардамды өз убагында алып баштоо, дайыма антиретровирустук дарылануудан өтүү  менен СПИДдин өнүгүшүн алдын аласыз.

Жоопкерчиликтүү болосуз

ВИЧке тест тапшыруу менен ВИЧ-инфекциясын башка адамдарга жуктуруу жоопкерчилигинен арыласыз. Ал эми ВИЧти жуктуруп алганыңыз аныкталса дагы кош бойлуулукка даярдануу жана дени сак баланы төрөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Коркууларыңызга чекит коесуз

Менде барбы же жокпу деп кыжалат болуп жүрө бербей, коркуу сезимиңизге жана белгисиздикке чекит коесуз. Жашообузда ВИЧ жуктуруу коркунучу менен байланышкан жагдайлар көп. Мисалы, шприц же ийне колдонуу аркылуу. Анализден өтүү менен, вирус денеңизге кирген-кирбегенин билип коесуз.

ВИЧ-статусун билүү оңой эле

Адамдардын ВИЧке текшерилбей жатышынын негизги себеби, ВИЧ аныкталып калса, достору, кесиптештери жана тааныштары бул жөнүндө билип калышат деп коркушат. Бирок тестирлөө анонимдүү болот, кабатыр болуунун кереги жок. Эң ишенимдүү жолу - медициналык мекемеден ВИЧке кан тапшыруу. Ал эми үйдөн эксперсс-тест менен шилекей аркылуу билсеңиз болот. ВИЧке жылына бир жолу анализ тапшыруу сунушталат.

ВИЧ-инфекциясы бул өнөкөт оору болуп саналат. ВИЧ менен жашаган адам жакындарына жана тегерегиндеги адамдарга коркунуч туудурбайт. ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адам, атайын АРВ деген дарыларды ичип, кадимкидей эле окуп, иштеп, үй-бүлө куруп жашай алат.  

Тестти кайдан тапшырса болот?

ВИЧ үчүн канды саламаттыкты сактоо уюмдарында (СПИД борборлору, ҮМБ, ооруканалар) тапшырса болот. Изилдөө СПИД борборлорунда жана аймактык ооруканалардын базасында жайгашкан ВИЧ-инфекциясын аныктоочу лабораторияларда жүргүзүлөт. 

ВИЧ жана тестирлөө жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Республикалык СПИД борборунун aidscenter.kg сайтына кириңиз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт