// //

Атамдын бул сөздөрүнөн кийин жигитимди таштадым

2021.06.10, 16:43
7173

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн дагы урушуп кеттик. Болбогон нерселер үчүн эле кызгана берип тажатты. Сабакта отурсам чалган. Албай койдум. Университеттен чыгып чалсам ал албады. Кыскасы, акыркы убактарда көп ызылдаша турган болдук.

Үйгө маанайым жок келдим. Атам бакта жүрүптүр. Дарбазадан кирип баратсам, “Кызым” деп токтотуп калды. Жанына чакырды. Келгениме сүйүнүп тосуп алган Балтекке дагы катуу тийдим. Атам “анда эмне күнөө кызым, иттердин жүрөгүндө кымындай жамандык жок” деп Балтектин башын сылады. Экөөбүз алчанын түбүндө отурдук. Атам бир кокуч терип алганын мага берди. “Бирди эле жейм” дегем. Токтоно албай, баарын жеп салдым.

- Ата, жакшы жигит экенин кантип билсем болот?

- Дагы уруштуңарбы?

- Ооба. Мамилебизди токтот окшойм.

- Жакшы жигит экенин дароо биле албайсың, кызым. Азыркы заманда эки жүздүүлөр көп. Ошентсе, дагы жүрум-турумунан байкасаң болот. Эми мендейлер аз дечи (күлүп), ошентсе дагы бар.

- Мисалы, ата, эмне кылганын карашым керек?

- Ммм... анда угуп тур. Ачуусу келгенде бир нерсени алып чаап же ыргытып жиберген жигиттен кач. Эртең сага үйлөнсө, буюмдун ордуна сени ыргытышы мүмкүн. Ар кайсы шылтоону айтып, сага биринчи жазбаган, акыбалыңды сурабаганга дагы жолобо. Ата-энесине кылган мамилесин байка. Бул жерден апасынын баласы менен алмаштырып алба. Сени элдин көзүнчө урушкан жигитти өзүңдөн алыс карма. Эки жүздүүлөрдөн, жалкоолордон жана сараңдардан дароо кач. Эртең эле азабын тартасың. Уйкучу жигитке дагы турмушка чыкпай эле кой. Үйүңөргө берекени толтура албай кыйналат. Ата-энесинин тапкан байлыгына жан баккан жигит чыныгы жашоонун кадырын билбейт. Кыскасы, көңүлүңө толгон, ниети таза, аракетчил, сени сыйлаган адамды тапсаң бактылуу болосуң.

- Ата, жигитимди таштадым.

- Апей, дароо элеби. Анан эртең айтасың, сиз мени адаштырдыңыз деп (чачыман сылады).

- Жок, ата, сиз азыр менин көзүмдү ачып койдуңуз. 

- Анда тур, кийимиңди котор дагы, кара күрмөмдүн чөнтөгүнөн акчаны алып, дүкөнгө түшүп конфет алып кел. Бир отуруп татуулар менен чай ичели. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт