// //

20 жылдыгына деген акчасына тиш салып берген күйөөмө рахмат

2021.06.02, 16:25
5994

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз бул күндү аябай күткөнбүз. Айылдан шаарга келип бир сыйра кийинип кеттик. Балдарды кимге таштарыбызга чейин пландадык. 20 жылдык бир жолу келип жатса, кантип барбай коелу дедик. Күйөөмдүкү, меники эки жылдан кийин болот.

Ютубга кирип бийлерди карап чыктык. Эми жакшынакай бийлейли деген эле ой. Мен шиш така менен басканды, күйөөм галстук тагынганды үйрөндү. Ошентип классташтардын жолугушуусуна бир жума калды.

Эртең менен бетим шишип ойгонду. Аны өзүм байкаган деле эмесмин. Күйөөм көрө калды. Дароо тиш доктурга жөнөдүк. Тишимди жулуп, операция жасаш керек болду. Инфекция кирип кеткен имиш. Таптаза эле тиш болчу. Ыйладым. Пландардын баары өлдү. Эң негизгиси бизде дарыгер сураган акча жок болчу.

Күйөөм ойлонбостон операция жасатабыз деди. Кыйналып жатканымды көрүп чыдай албады. 

Отурушка деген акчасынын баарын мага жумшады. Кийин дагы бир нерсе болбосун деп, башка тиштериме чейин текшертти. Жакшы тамактансын деп атайын кафенин тамактарын ташып жатты. “Мен тамак жасасам окшошподу, сатып эле алып келип турууну чечтим” деди. Жүрөгүм жылыды.

Билесиңерби, бир дагы жолу акчанын баары сага кетти деп кейиген жок. Кечеге барбай калганыбызга ал эмес, мен кейип жаттым. Күйөөм бейкапар басып жүрдү. Классташтары чалып жанын коюшпайт. “Аялым туруп жалгыз бармак белем” деп баш тартат. Ушундай убакта шишиген тишиме ачуум келди. Ырас эле жулдуруп салыпмын.

Үйгө келдим. Илинип турган жаңы көйнөгүмдү көрүп ыза болдум. Жумушка дагы кийип барганга болбойт. Дос-туугандардын кимиси той берет экен деп күтүш керек эми. Мени байкап турган күйөөм, “жүр кийин, өзүбүз майрамдайбыз” деди. Ал дагы жаңы алган костюм менен шымын кийип, балдарды алып жакшы бир кафеге бардык. Экөөбүз вальс бийледик. Балдарыбыз тик-ток тартышты. Сонун отуруп келдик. Ушундай ыраазы болдум. Ичим жылып, кайрадан жаралдым.

Күйөөмдү күлүп карап келатып чалынып кеттим. Жаңы көйнөгүм менен уйдун жампасына кулап түштүм. Каткырдык. Ошентип жаңы көйнөк дагы өлдү. Бул сонун күндү карылыкка алдырып ийип эле унутпасам, эсимде түбөлүккө сакталып калат. Күйөөмдүн мага болгон сыйы үчүн чексиз ыраазымын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт