// //

Үйлөнгөнүмө 15 жыл болсо дагы, аялымды көргөн сайын калчылдап турам

2021.06.01, 16:05
8044

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Достор менен балык уулганы чыккам. Кайырмакты салып отурганым менен оюм башка жакта. “Кооз жер экен. Эх, Жаку (келинчегим) жанымда болсо сонун болмок экен.” Ичимден ушинтип сүйлөнүп жаттым.

Биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калгам. Ээ, достор, артынан канча чуркадым дейсиңер. “Экөөбүз баш кошобуз. Сага окшош сулуу кыздуу болобуз” десем, каткырып күлчү. Анда экөөбүз тең кичинекей балабыз. Албетте, чоң кишидей сүйлөп жатсам күлөт да.

Бир жолу кайын энеме айтып коюптур. “Кызыма тийишпе, болбосо көчүп кетебиз” деди. Жаку кетип калат экен деп сабакка барбай канча ыйладым. Акыры апам барып сурап келди. Жакунун апасы келип, “кетпейбиз” дегенде оордуман туруп тамак ичтим. Ал күндөрдү азыр эстеп күлөбүз.

Ал жакшы окуйт. Мен тентек. Линейкадан сыйлык алганы чыгып жатканда мен гана ышкырып, бакырып, катуу кол чабам. Мектептин директорлору баш болуп, Жакуга болгон сүйүүмөн кабарлары бар. Алар күлүшөт. Жаку урушат. 8-март күнү классташ кыздарыма белек бербейм. Бөтөлкө тапшырып тапкан тыйындарыма Жакуга бир нерсе сатып алам. Мен берген бантикти же шууруну тагынып алса ушундай сүйүнөм. Конкурстарда бийлесе аны гана карап турам.

Бир жылдары классыбызга шаардан бир жигит келди. Эми келишимдүү, ак жумал экен. Мектептеги кыздардын баары аны сүйлөшөт. Апам үйдө жокто сандыгына кол салып, Жакуга деп конфет алдым. Мектептин түбүндө күтүп турсам Жаку жанагы шаардык бала менен келе жатат. Ыйлагым келип, конфетти ыргытып класска чуркап кеттим. Математика сабагы болчу. Эшик тыкылдап мени бирөө сурады. Чыксам Жаку экен. Колунда менин конфеттерим. “Конфеттерге рахмат” деп кайра кетип калды. Кайра класска маанайым көтөрүлүп учуп кирдим.

Үйлөнгөндөн же балалуу болгондон кийин сүйүү кетип калат дешет го. Ошол калп экен. Азыр дагы аялымды сүйөм. Аны бир аз көрбөсөм сагынам. Көргөн сайын биринчи жолкудай болуп, толкунданганымдан калчылдап турам. Колумду кармаса жүрөгүм титирейт. Сүйөм. Мен бактылуумун. Анткени чыныгы сүйүүгө кабылдым.

Кызыбыз апасынын көчүрмөсү. Бакырайган көздөрү ушунчалык таптаза. Бирок, баары бир апасын башкача жакшы көрөм.

Сүйүү бар, ишенип койгула.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
01.06.2021, 16:19

Мен өзүмдүн баштан өткөн окуямды бөлүшөйүн деген. Кантип байланышкан болот силер менен? 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт