// //

Күйөөм мага эмес бул аялга барарда аябай жасанат

2021.05.27, 17:55
8166

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Алгач таң эрте туруп машинасын жууйт. Дөңгөлөктөрүнө чейин жакшылап тазалайт. Анан тойлорго кие турган ак көйнөгүн алып чыгат. Анысынан экөө, бирөөсү батпай калган. Анткени үйлөнгөндөн кийин толуп кетти (күлүп). Топчулары баары ордундабы эсептейт. Бир күн мурун чачын тегиздетип келет.

Демейде унутуп калчу духисин таап чыгат. Сакал-мурутун алат. Бут кийимин майлап, аппак байпагын киет. Күзгүгө барып өзүн бир топко карап турат. Акыры чыдабай кетем.

- Болдуңбу? Кеттикпи?

- Ооба, ооба, жаным. Кеттик. Асанчик кана?

- Ал машинада отурат. Атам качан сулууланып бүтөт экен деп...

- Болдубу, болду, кеттик.

Жолдо баратып экөөбүздүн баш кошкон күнүбүз эсиме түштү. Мени үйүмөн алып кеткени келген. Анда дагы кудум азыркыдай жасанып алган эле. Апамдын “күйөө балам тыкан, таза жигит экен, демек, кызымды дагы бактылуу кылат, жашоого тың немедей көрүнөт” деген сөзү эсимде. Күйөөм аябай уялып кызарып чыккан.

Үйдө тизеси чыккан шортасын кийип алып эле иш кылып жүрө берет. “Мага деле жасанып алсаң боло” деп тамашаласам, “бул кара жумуш жаңы кийимди бат кир кылат, сен аны жууйм деп убара болосуң, мен сени ойлоп жатам” деп күлөт. Мен эмес кир жуучу машина убара болорун айтам. Экөөбүз каткырабыз.

Бир дагы жолу көңүлүмдү оорутпады. Баягы күнү тамак ичип отурганбыз. Көзүм столдун үстүндө жанаша турган экөөбүздүн соткаларыбызга түштү. Меники айфон, күйөөмдүкү экраны сынган самсунг. Азыр мындай моделдери чыкпай деле калган. “Мага боло берет” деп коет. Үй салам деп жүрүп күнгө аябай күйдү. Колдору кесилген, жарылган. Дем алыш күнү эс алып уктап алсаң боло десем болбой, бизди ээрчитип алып Бишкек Паркка алып барып ойнотуп келет.  

“Мындай көйнөктөр мода болуп жаткан турбайбы, эмнеге сен кийбейсиң” деп баарын байкап, мени дүкөнгө кубалап турат. “Апаңа жардам бер, кыйнап ыйлаба” деп мени аяп, уулуна ушинтип айтат. Бактылуумун! Бул бакыт үчүн күйөөмө ыраазымын. Апам билгендей эле айткан окшойт.

Мына тааныш көчөгө дагы жеттик. Тигине күйөөм ар дайым көңүлүн алып, анын көзүнө жакшынакай көрүнгүсү келип жасанып, мактоосуна татып, алкышын алгысы келген, сыйлаган аял чыкты. Балам аны көрө калып бакырды. “Таене! Таене! Биз келдик!”

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт