// //

Атамдын банкта директор эмес, кароолчу болуп иштегенин билген куда дароо өзгөрдү

2021.05.19, 15:20
11255

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Карындашымдын маанайы түшүп калды. Унчукпай карап турду дагы чыгып кетти. Артынан бардым. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбегенин айтты. Чекесинен өөп жалгыз калтырдым. Сыртка чыгып ары-бери бастым.

Карындашымдын жигитинин ата-энеси куда түшүп келишкен. Алдын ала айтылгандыктан кой союп, дасторкон жайып тоусуп алдык. Мен жумушуман суранып атайын айылга келгем. Үйдүн эки жагын оңдоп түзөп конокторду күтүп отурдук.

“Банкта иштеген адам мене куда болот экенбиз” деп улам айтып жатышты. Түшүнгөн жокмун. Ооба, атам банкта иштейт. Он жылдан бери кароолчу. Кандай гана карапайым адамдар деп сүйүнүп отурдум. Анан бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти.

- Апей, сиз эмне кароолчу белеңиз?

- Ооба.

- Биз сизди банктын директору экен деп жатпайбызбы, иий шерменде.

- Эмнеси шерменде, сизди түшүнбөдүм.

- Жалгыз уулубуз үйлөнүп жатса, анан тиги эми сиздин кызга болбой калат го...

- Сөздү токтотуп, бата кылалы.

- Кызыңыз деле жашырбай эле атам кароолчу деп койбойбу.

- Келгиле бата кылалы.

Атамдын сабарына таазим, аларга теңелип чыр салган жок. Карындашым чай көтөрүп келаткан шок болуп катып калды. Апам тостоюп турат. Мен сүйлөнүп чыгып бараткан кудаларды узатып, эшикти кулпуладым. Үйгө келсем атам кийинип алып жумушуна жөнөп баратыптыр. Демейде тамаша айтып кетчү атам унчукпай чыгып кетти. Апам үнсүз чыныларды чогулта баштады.

Карыдашымдын бөлмөсүнө кирдим. Ойлонуп жатыптыр. Ыйлабаптыр. Мени көрүп тура калды.

- Чын эле атам кароолчу деген эмес белең.

- Атам банкта иштейт дегем, эмне иштегени анык эмеспи.

- Жигитиң эмне дейт?

- Билбейм. Ата-энеси айткан кызга үйлөнөт болуш керек.

- Капа болгон жоксуңбу?

- Атам мен үчүн биринчи орунда, ал эмес.

- Жүр, чай ичели.

Атам кечинде келди. Көңүлү жок. Карындашым эч нерсе болбогондой чуркап чыгып тосуп алды. Кучактап өптү.

- Ата, капа болбоңузчу. Сиз дүйнөдөгү эң сонун атасыз. Мен сиз менен сыймыктанам. Сиз болбосоңуз, банкты эбак эле ар ким тоноп кетмек. Демек, чоң жумуш кылып жатасыз. Мен сиздин жумушуңуздан уялбайм, уялган дагы эмесмин. Андай адамдарга теңелбейбиз. Мен сиздин кызыңыз болгонум үчүн сыймыктанам. Өзүңүз айтпадыңыз беле, жашоо өзү баарын ордуна коет деп, туурабы?”

- Мен үчүн сүйгөнүнөн ажырады деп кабатыр болуп жаткан кызым. Айткандарың туура. Андай адамдарга теңелбейбиз. Сен сөзсүз бактылуу болосуң, э?

- Ооба, анткени мен сиздин кызыңызмын.

А менин дале ачуум келди. Адамдык сапаттарды кызматтан ылдый койгон адамдарга таң калдым. Аттиң, акчаны колунда эмес, жүрөгүндө сактап алышыптыр. Кийин өздөрүнө эле жаман. Алтындай болгон адамдар менен куда болуу мүмкүнчүлүгөнөн ажырашты. Мындай шанс бир эле жолу келет.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт