Желекти кайтарган солдаттар куурчак экен деп ойлогом. Боор эзген окуялар
Салам достор! Бардык нерсенин биринчиси кызыктуу болот эмеспи.
Бүгүн окурмандарыбыздын Бишкек шаарына биринчи жолу келгендеги күлкүлүү окуялары менен бөлүшөбүз. Көңүлүңүздү көтөрүп, бир жылмайып алыңыз.
Күлкүлүү кофта
Негизи англис тилин үйрөнгөн жакшы болот экен. Мен 16 жашымда айылдан келип, базардан бир кофта алып кийип жүргөм. Анан аянтты көздөй жөө жөнөдүм. Жолдо кетип баратсам эле мени көргөн эл утуру эле күлөт же артыман жымыңдап коет. Анан кечке аянтты айланып, кеч болгондо эжемдин үйүнө келдим. Алар да мени карап күлүп жиберишти. Эмне болду десем токтоно албай күлүштү. Анан чыдабай ыйлап жибердим. Эжем өзүнө келип калганда, “көкүрөгүңдө эмне деп жазылып турат” деди. “Билбейм, англисче го” дедим. “Которуп берейинби” деп дагы токтоно албай күлө берди. Акыры "kiss my ass" дегенди билемби сурады. Жок десем, "менин көтөнүмдү өп" деген сөз” деп эжем күлдү. Анан түшүндүм, Бишкектин баары мени карап күлгөнүн. Азыр 31ге чыктым. Бирок ошол нерсени дагы эле унутпайм. jeanna0050506
"Каякта ручкасы?"
Маршруткадан түшөрдө кармагычын таппай, айдоочудан "каякта ручкасы" десем, "сыртында" деди. Элди каратып туруп колумду айнектен чыгарып сыртынан ачып чыгып кеткем. Көрсө айдоочу прикол кармап айтыптыр. Эшикти жапкан кармагычынын алдында экен да. talantbekovna__
Саат "один" болду
Бишкек келдим. Орусчам нөл деп кой. Колумда саат. Троллейбустан орус аял саат сураса, орусча билгендей эле “один” дедим. “Что” десе, “один, один” деп коём. Күйөөм “час” деди, тиги аял “аа, спасибо” десе баш ийкеп коём. Күйөөм канчага чейин шылдыңдап жүрдү. Ошондон кийин саат тагынбай калгам. aizadamisirkanova
Эки этаж Бишкек
Бөкөнбаевдагы көпүрөнү көрүп алып, “ай ий, Бишкектин экинчи этажы бар экен, ал жерде кандай болду экен” деп көпкө чейин таң калып жүрчү элем. Жөө адашып көпүрөдөн ылдый түшкөндө деле түшүнбөйм, экинчи этажы деле биринчиге окшош турбайбы деп. Азыр ошону ар кимге айтып күлөм. shirinibraeva92
Жеңеме же аялыма?
Подземкага түшүп, курбум экөөбүз открытка тандаганбыз. "Любимой жене" дегенди кыргызча окуп, “иии, жеңеме да открытка алып койсо болот экен” деп сүйүнгөм. Анан жетти, жеңе эмес, келинчегиме деп жазылып турганы. duishembaevasamanta
Фонтан
Өзүм 11ди Бишкекте эле бүткөм. Бирок жалгыз центр жака чыгып көргөн эмесмин. Сиңдим аянтка барып келели деп калды. Анан ага жетпей филармониядан түшүп калып адашып кеттим. Сиңдиме мени алып кет деп ыйлагам. Жанымда эмнелер бар экенин сураса, фонтан атылып турат деп коём. absrmnv
"Плов"
Бир күнү жумушка күрүч сатып келишиптир. Эки орус аял алдыман чыгып калса болобу. Соодагер адамды таппай жатышса, кыйын болуп “плов ищите” деп коём. Экөө “что, что” десе, кайра кайталап айтып коём. “Рис что ли” десе, “да, да” деп абалдан чыгып кеткем. Экөө жарылып калды. p.s.j.11
Куурчак солдаттар
Студент болуп Бишкеке жаңы келген кезим. Желекти кайтарган солдаттар куурчак деп тамашалап айтышса ишенип алыпмын. Барып карап турам жалдырап. Көзүн кыймылдатса, көзү кымыйлдап жатат деп кыйкырып жатам. saltanat8036
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары
Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар
"Мугалимдер бизден кечирим сурагыла". Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар