// //

Мага тамак жасаганды, кир жууганды үйрөтпөгөн апама айтчу сөзүм

2021.05.17, 12:55
7933

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Убагы келгенде үйрөнүп алат.” Ээ достор, ким эмне деген гана жок. Апамдын сабырына таң калам. Камыр жайып отурабы же кир жууп жатабы, айырмасы жок. Кыңылдап ырдап, жанында мени жамандап жаткан туугандардын сөзүнө жогорудай жооп берип коет.

Спорт менен менин алсыздыгым. Колумда ар дайым топ. Биринчи кошуна балдарды жеңдим, анан досторумду, анан классташтарымды, анан коңшу айылга мелдешке чыга баштадым. “Волейбол!” Жүрөгүм ушинтип согот.

Апам муну жакшы билет. Мектептен кийин залга жөнөйм. Үйгө эң эрте дегенде кечки тогуздарда келем. Кийимдерим кир, чачым май, денем тер жыттанып босогону аттайм. Анда дагы апам унчукпайт. “Бүгүн оюн кандай болду?” деп сурап, ысык чайын сунат.

- Кызыңа кеч калба десең боло. Түнкүсүн коркунучтуу эмеспи. Балдар бир нерсе кылып кетпесин.

- Ошол балдарыңарга кызды бир нерсе кылып кеткен болбойт деп тарбия бергиле.

Кезектеги оюндан келатсам апам менен кошуна эже тартышып жатыптыр. Мени көрүп эки жакка тарап кетишти. Чай ичип отурганбыз.

- Апа, мен бир нерсени туура эмес кылып жатамбы?

- Эмнени?

- Мисалы, башка кыздарга апасы күн сайын күйөөгө тиерин айтып, тамак жасаганга, үй жыйнап, кир жууганга үйрөтүшөт экен. А мен буларды жасабайм.

- Жасагың келеби?

- Жок.

- Болду, ага кабатыр болуп кереги жок, убагы келгенде үйрөнүп аласың.

Апам тамак жасап жатат, жанында китеп окуп отурам. Апам кир жууп жатат, жанында китеп окуп отурам. Апам камыр жууруп, жанында китеп окуп отурам.

Көпчүлүк кыздарды кичинесинен эле бирөөнүн үйүнө барганга даяр башташат экен. “Кайын энең эч нерсе билбейт экен деп айтат”, “сен деген болочок келинсиң”, “сен күйөөңө тамак жасап беришиң керек” ж.б. Апам мени “сен бактылуу болушуң керек” деп тарбиялады. Билим алуума шарт түзүп берди. Ар бир оюнумда алдыңкы орунга отуруп колдоду. Күндүн ысыгына карабай мени менен университет кыдырып жүрдү. “Апа, спорт залы сонун экен, ушул жерде окуйм” десем, мени менен кошо сүйүндү. Мен кичинемден бактылуу болууга үйрөндүм. Бул үчүн апама рахмат. 

Мен дагы эне болуп, сүйүктүү жар болгум келет. Бирок, өз каалоом менен, жүрөгүм сүйгөн адамга гана чыгам. 

Апа! Сары кызың сизди аябай жакшы көрөт. Шкафта тизилип турган ар бир медалым, грамотам, дипломдорум сиздин эмгегиңиздин арты менен келди. Апа, туура  айтыпсыз. Жатаканада жашап жүргөндө баарын өзүм эле үйрөнүп алдым. Курсагым курулдаганда, сиз айтып жаткан убак келгенин түшүндүм. Мен багынтчу ийгиликтер алдыда. Болгону ошолордун баарына күбө болуңуз. Сөз бериңиз. Сары кызыңыз күн сайын өмүрүңүздү тилейт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт