// //

Жетимиштен ашкан атам апама көйнөк алып бериш үчүн пол жууп иштейт

2021.05.13, 14:11
11509

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Ата, а биз уялып жатпайбызбы?

- Кызым, мен бирөөнүн акчасын уурдаган жокмун. Ак эмгегим менен таап жатам.

- Ата, биз деле беребиз. Эмнеге биздин акчабызды албайсыз?

- Анткени, силер балдарымсыңар, а мен атамын.

- Ата, ошондо мектептин полун жууй берем деген турасызбы.

- Ооба.

- Ата!

Турмуш шартыбыз жакшы. Төрт бир тууганбыз. Баарыбыз тең соода тармагында иштейбиз. Байкелерим чет өлкөдөн товар ташыйт, эжем экөөбүздүн дүкөндөрүбүз. Ата-энебизге абдан ыраазыбыз. Бизге берген тарбиясы, билимдери менен ушул деңгээлге жетип отурабыз.

Бир жолу классташ кызыма жолугуп калдым. Анда атамдын мектепте пол жууп иштегенинен кабарым жок болчу. Тиги кыз ар дайым мага атандаша берчү.

- Кычырап машина минип жүрөсүң анан, атаң болсо карыганда тигинтип иштеп жүрөт.

- Эмне болуп иштеп жүрөт? Мен сени түшүнгөн жокмун.

- Мектепте пол жууп.

Айылдагы үйгө кантип жетип барганымды билбейм. Жолдон ватсаптагы группабызга жаздым. Байкелерим дагы артыман келип калышты. Атам менен апам бейкапар чай ичип отурушуптур. Пол жууп иштегени чынбы сурадык. Атам жай гана башын ийкеди.

- Ата, тыйын керек болсо биз деле беребиз.

- Каалаганыңызды кылабыз.

- Ата, сизди капа кылдыкпы?

Байкелерим болуп ызылдап жатып калдык. Атам бир саамга бизди карап турду дагы мындай деди.

- Мага кабатыр болгонуңарга чоң рахмат. Силерге ыраазымын балдарым. Бирок, мен силерден акча албайм. Апаңарга белек бериш үчүн балдарымдын кантип акча алмак элем. Мен аялыма көйнөк алып бергим келет же гүл бергим келет. Чогуу дагы канча жашайбыз билбейм. Күчүм барда, ден соолугум мүмкүнчүлүк берип жатканда жумуштан качпайм. Керек болсо, базарга барып араба түртсөм дагы, тыйынды өз мээнетим менен табам. Силерге дагы ак эмгегиңер менен тапкыла деп үйрөткөм. Аялыма өз акчама белек алып бере албасам, күйөө болгонум кайсы.

Баарыбыз уялып кеттик. Өзүбүздүн кур намысты, атамдын каалоорунан бийик койгонубузду түшүндүк. Кечирим сурадык. Анан чогуу отуруп алып апамдын отко кайнаган чайын ичтик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт