Балдар бизге жооп кайтара албайт, ошондуктан биз аларды урабыз
“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун психотерапевти
Балдарды эч качан урбаш керек. Айырмасы жок, сенин балаңбы, башка бирөөнүн баласыбы. Баланы уруу зомбулук болуп эсептелинет.
Эмне үчүн биз балдарыбызды урабыз?
Ушул суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Мисалы, жаш эне жолдошуна ачууланат, же кайын энесине жини келет, бирок алардын өзүнө нааразычылыгын билдире албайт. Ачык айтып каршылык көрсөткөнгө эрки жетпейт. Ошондо, эне өзүндөгү терс энергиянын бардыгын балдарынан чыгарат.
Мындай көрүнүш адатка айланып калгандыктан, ал балдарын эмне үчүн урушуп жатканын деле билбейт. Бала чындап эле, уруш жегидей кылгылыкты кылдыбы, же жөн эле жининин чыгарып жатабы айырмасы жок болуп калат.
Бул аталарга деле тиешелүү. Жумушундагы, чөйрөсүндөгү негатив менен кыжырдануунун бардыгын үйго алып келип, баладан чыгарат.
Албетте, маанайың чөгүп турганда өзүңдү контролго алуу кыйын. Бирок, чоң адамдын баладан айырмасы ошондо. Ал өз эмоцияларын башкара алат. Чоң кишинин маанайы балдарга терс таасирин тийгизбеши керек.
Жиним келип турганда кантип карманам?
Баланы чаап жибергиң келип турган учурда, өзүңдү токтотуп, төмөнкү суроолорду бер:
- Мен чынында кимге ачуум келип жатат?
- Балким ачуум келип турган адамдын өзүнө барып айтышым керек?
- Баланын буга кандай тиешеси бар?
- Эмне үчүн чоңдордун акылсыздыгынан алсыз бала жабыркашы керек?
Болбой эле уруп салгандан кийин эмне кылышым керек?
Балага кол көтөргөндөн кийин ата-энелердин көпчүлүгү аны кайра аяп, өз жоругунан уялышат. Бул сезим адамды эзип, кыйнап жиберет.
Балдарыңыздан кечирим сураганды үйрөнгүлө. “Балам (кызым) мени кечирип койчу. Туура эмес кылдым, экинчи мындай кылбайм”, - деп айтып, кучактагыла. Көрөсүз, балаңыз сөзсүз кечирет. Балдар чоңдордон айырмаланып, абдан кечиримдүү болушат.
Сөзсүз айткан сөзүңөргө тургула. Эгер баланы урганыңар көнүмүшкө айланса, тарбия бергениңердин мааниси жок болуп калат. Баланы ура бергенге сиз да көнөсүз, бала да көнөт. Анын алдында аброюуңуз жоголот, айткан сөзүңүз маанисиз болуп калат.
Алгач өзүңөрдү тарбиялагыла
Адамдын айбандан айырмасы эмнеде? Адам баласы оюн ички туюмун сөз менен билдирет. Балага тарбия берерден мурун, өзүңөрдөн баштагыла. Башка бирөөнүн пикирин, каалоосун сыйлаганды, адамды угуп, сүйлөшүп, кандайдыр бир чечимге, компромиске келгенди үйрөнгүлө. Бул - сезимдериңди ичке катып, бардыгына чыдаш керек дегендик эмес. Тескерисинче, пайда болгон түшүнбөстүктөрдү, көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечкиле.