Бала милдетин алууга даяр эмес болсоңуз, сактаныңыз! Балдарын таштаган аталарга
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Мен балдарына каралашпай, кабар албай жүргөн аталарга кайрылуу жасагым келди. Чыгарып берсеңер, абдан ыраазы болот элем. Анда кеп башынан болсун.
Бала милдетин алууга даяр эмес болсоңор, сактангыла! Балалуу болуп калдыңарбы, таштабагыла! Аялдар, чоң энеси же таятасы багып жатышат. А сизчи? Ошолорчо жоксузбу? Баланы сиз жасадыңыз го? Же бирөө сурадыбы? Же балаңыз “ата, мени жасап кой, мен өзүм чоңоюп алам" дедиби?
Ооба, билем, белгилүү бир себептен улам аялыңыз менен эки жолго түштүңүз. А балаңызда эмне күнөө? Эх... Менин катым жок дегенде баласынан кабар албай жүргөн бир атанын жүрөгүнө жетээр бекен? Же баары эле шылтоо табабы? Же аялын жамандайбы?
Бирок, балаңыз эмне жамандык кылды? Аны апасы сизден төрөгөнү үчүн жаман көрөсүзбү? Аялыңызда калганы үчүн мээрим бербейсизби? Же башка аялдардан башыңыз бош эмеспи? Бир бооруңуз, каныңыз ушинтип ар жакта кала береби? Намыс деген каякта?
Мен баласын эч нерседен кем кылбай багып жүргөн жалгыз бой аялдарды көп көрөм. Сиздин алардан эмнеңиз кем? Аталар уккула! Балаңыз сиздин “балам” деген үнүңүзгө зар. Досторунун арасында “уулум” деп чакырганыңызга муктаж! Ачка жүргөнү канча? Ыйлап жүргөнү канча?
Аялга күйөө табылат, эркекке аял табылат. Балага ата-эне табылбайт. Балдарыңар силерге, үнүңөргө, тарбияңарга муктаж. Баладан артык эч нерсе таппайсыңар. Келгиле ар бирибиз балдарыбызды сүйүүгө бөлөп, мыкты кылып чоңойтолу. Ошондо келечек оңолот, коом оңолот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр
Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду
Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат