Адамдар менен сүйлөшсөм демим кысылат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! 18 жаштагы жигитмин. Бала кезимден бери адамдар менен сүйлөшкөндө демим кысыла берет. Тааныштар, дос-туугандар шылдыңдап күлүшөт. Бул көйгөйдөн кантип кутулсам болот?
Таалай Жакыпов
Психолог
Саламатсызбы! Ар бир адам сүрдөйт, болгону, кимдир бирөө аны жеңгенди жана өзүн көзөмөлдөгөндү билет. Айрымдары жеңе албайт, барган сайын чүнчүп, элдин алдында бир нерсе айткандан коркот. Натыйжада сүйлөп жатканда титирейт же деми кысылып кетет.
Мээбиз ушунчалык уникалдуу, бир нерсе боло электе эле аны элестетип, ойлор ар тарапка чачырып кирет. Башкача айтканда, мээ, дене жана адам өзү стресс абалына түшүп калат.
Мисалы, адамдардын алдында сүйлөй албай, демиңиз кысылап, досторуңуздун күлгөнүн элестетип аласыз. Бул абалдан чыгуу үчүн, алаксып, ойду башка нукка буруңуз. Өзүңүздү-өзүңүз тарбиялап, көптөгөн көнүгүүлөрдү жасасаңыз мындан арыласыз.
Үнүңүздү катуу чыгарып сүйлөп, китеп окуп, ырларды жаттап жана жатка айтыңыз. Окуган маалыматтарыңыз жөнүндө башка бирөө менен үч мүнөт бөлүшүңүз. Бул көйгөйдү практика жүзүндө, талыкпай иштеп гана жеңе аласыз.
Ийгилик каалайм!