// //

Абитуриентке: Чуйков атындагы көркөм училище

2019.01.23, 17:17
1690

Биздин сайт буга  чейин Инновациялык кесиптер институтуна караштуу колледжТемир жол кесиптик лицейиБайланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейиКыргыз авиациялык институттун орто кесиптик бөлүмү, Бишкек медициналык колледжи тууралуу маалыматтарды чыгарган. Бул ирет Чүйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм училищеси жөнүндө айтып беребиз.

Көркөм училище 9-11 класстарынын базасында кабыл алат. Колледжге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок. Абитуриенттер ички экзамендердин негизинде кабыл алынат.

Окутулган багыттар:

  • Живопись;
  • Дизайн;
  • Декоративдик-тажрыйбалык искусство: тери боюнча этнодизайн, керамика боюнча дизайн, сокмо (текстиль) дизайн.

Кирүү экзамендери:

  • Сүрөт, живопись, композиция;
  • Кыргыз же орус тили боюнча диктант.

Окутуу мөөнөтү:

9-11 класстын базасында кабыл алынгандар үчүн бирдей - 3 жыл 10 ай.

Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчу документтер:

  • Аттестат (түпнускасы);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 4 фотосүрөт;
  • №86/У формасындагы маалымкат;
  • Жашаган жеринен маалымкат;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);
  • Жаззма күбөлүк (приписное свидетельство) же аскердик билет (көчүрмөсү);
  • Үй иштери (тарткан сүрөттөрү) – 20 даана.

Окутуу бюджеттик негизде.

Байланышуу:

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Орозбеков көч., 6

Телефондор: 0(550) 050 375; 0(702) 246 778.

E-mail: kghu.kg@gmail.com

Кош кел, абитуриент!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт