Абитуриентке: Чуйков атындагы көркөм училище
Биздин сайт буга чейин Инновациялык кесиптер институтуна караштуу колледж, Темир жол кесиптик лицейи, Байланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейи, Кыргыз авиациялык институттун орто кесиптик бөлүмү, Бишкек медициналык колледжи тууралуу маалыматтарды чыгарган. Бул ирет Чүйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм училищеси жөнүндө айтып беребиз.
Көркөм училище 9-11 класстарынын базасында кабыл алат. Колледжге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок. Абитуриенттер ички экзамендердин негизинде кабыл алынат.
Окутулган багыттар:
- Живопись;
- Дизайн;
- Декоративдик-тажрыйбалык искусство: тери боюнча этнодизайн, керамика боюнча дизайн, сокмо (текстиль) дизайн.
Кирүү экзамендери:
- Сүрөт, живопись, композиция;
- Кыргыз же орус тили боюнча диктант.
Окутуу мөөнөтү:
9-11 класстын базасында кабыл алынгандар үчүн бирдей - 3 жыл 10 ай.
Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчу документтер:
- Аттестат (түпнускасы);
- 3х4 өлчөмүндөгү 4 фотосүрөт;
- №86/У формасындагы маалымкат;
- Жашаган жеринен маалымкат;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);
- Жаззма күбөлүк (приписное свидетельство) же аскердик билет (көчүрмөсү);
- Үй иштери (тарткан сүрөттөрү) – 20 даана.
Окутуу бюджеттик негизде.
Байланышуу:
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Орозбеков көч., 6
Телефондор: 0(550) 050 375; 0(702) 246 778.
E-mail: kghu.kg@gmail.com
Кош кел, абитуриент!