// //

БАДдар бул жөн гана текке кеткен каражат

2019.01.23, 15:58
5722

Бермет Барыктабасова, Далилдөө медицина боюнча адис 

БАД деген эмне

БАД  - бул биологиялык активдүү кошулмалар (биологически активные добавки). Бардык тиешелүү тоехнологиялар менен жасалган, туура сакталган, орду менен колдонулган БАДдар ден соолукка пайда алып келет. Бирок, бул дары эмес, бул – азыктык продукт! Ал адамдын күнүмдүк тамактануусундагы жетишпеген элементтерди толуктап турат.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга сунушталган БАДдардын түрү өтө көп. Жарнама аркылуу берген убадаларына ылайык алар бир топ оорулардан айыктырат, семиздерди арыктатат, карып калгандарды жашартат.

БАДдын жарнамасына кыйла каражат жумшалат. Үймө-үй кыдырып атайын гезиттерди да таратышат. Анын ичинде БАД ичип, сакайып кеткен бейтаптардын ыразычылык сөздөрү, алкоолору жазылган. Кооз фото сүрөттүн алдында майда шрифт менен, бул дары каражаты эмес, жана негизги терапиядан баш тартпагыла деп жазылган. Бирок түстүү, көркөмдүү тартылган сүрөттүн алдындагы майда жазууларга ким көңүл бурмак эле, туурабы?

БАД бул алдамчылык

БАДдардын жарнамасы гезиттер, социалдык тармактар, ватсап аркылуу таркатылат. Андан тышкары, интернетте атактуу адамдардын, анын ичинде абройлуу медиктердин сүрөттөрү колдонулат. Ишенчээк адамдар “медиктер өздөрү сунуштап жатса, демек ишенсе болот экен” деп ойлошот дагы анын курамын текшербей туруп эле ала беришет. (Кантип текшерет англисче, кытайча же арабча жазылып турса?)

Кыргызстанда БАД менен дарылоого тыйуу салынган

Бир нече жыл мурун “Дары каражаттары тууралуу ” жаңы мыйзам долбоорунан биологиялык активдүү кошулмалар алынды. Алар узак убакытка чейин дарылык каражат катары эсептелинчү.

Ошондой эле, БАДдын жарнамасында медицина кесибине тиешелүү атрибуттарды: ак халатчан адамдарды, медициналык имараттарды, жабдыктарды колдонууга да тыйуу салынды.

Саламаттыкты сактоо системасына тиешелүү имараттарда БАДдарды сунуштоого жана таркатууга да болбойт. Башкача айтканда сизди көрүп жаткан дарыгердин БАД жазууга жана сунуштоого акысы жок. Медиктер бейтаптар менен чынчыл болуп, БАД - бул дары эмес, негизги тамактанууга кошулма деп айтып, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

БАДдар зыян

Биологиялык активдүү кошулмаларды каттоого алып, алардын курамын текшерүү зарыл. Эч кандай пайдасы жок болсо го мейли, бирок айрымдары ден соолукка зыян. Себеби курамында уулу заттар, наркотикалык, гормоналдык, катуу таасир берүүчү веществолор болушу мүмкүн.

Эсиңерде болсун! Биздин мамлекетте тармактык маркетингге (сетевой маркетинг) бизнес катары тыйуу салынган.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт