// //

Тоюбуз бүтөөрү менен күйөөмдү айылдагы аялы сүйрөп кетти

2021.04.05, 16:53
4293

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бухгалтер болуп иштейм. Күйөөдөн мага бак айтпаптыр. Жашым өтүп баратат, дале муздак жаздыкты кучактап жатам.

17 жашымда коңшу айылдагы жигитке турмушка чыккам. Айылда жумуш жок. 5 айлык кызымды кайын энеме таштап, күйөөм экөөбүз Россияга жөнөп кеттик. 9 жыл Сибирдин сууганда иштедик. Эмнелер гана башыбыздан өтпөдү. Боюмда болуп калып, Кыргызстанга кайтып келдим.

Шаардагы ата-энемдикине келип уул төрөдүм. Сибирге барбайм деп чечтим. Мунун айынан күйөөм экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр пайда болду. Ал аркаман келип, мажбурлап алып кетчү болгондо, ажырашып тындык. Кайын энем кызымды, уулумду ата-энем багып алды.

Убагында билим албай калгам. Апам чуркап жүрүп колледжге киргизди. Группанын эң улуусу мен болдум. Окуумду аяктап, мектептен жумуш таптым. Учурда ата-энем менен чогуу турам.

Күйөөм үйлөнүп, кайра Сибирге кеткен. Кабарлашпайбыз деле. Кызым шаарга келгенде, үйгө кайрылып турат.

Акан менен кокустан таанышып калгам. Жумуштан кеч чыгып, такси чакырсам, келди. Үйгө чейин сүйлөшүп бардык. Ажырашканын, баласы жок экенин айтты. Айылдан келип, бул жакта фирмалардын биринде айдоочу болуп иштеп жатыптыр. Күн сайын жолукчу болдук.

3 айдан кийин “үйлөнүп алалы, сен үчүн той берем” деди. Макул болдум. Ак көйнөк кийдим. Үйдөн лимузин менен алып кетти. Дос-туугандарды, кошуналарды чакырып ресторанда тойлодук. Экөөбүз батирге чыктык.

Бир жума өтпөй, бир аял келип, “мен мунун мыйзамдуу аялымын, айылда төрт баласы бар”,- деп күйөөсүн же күйөөмдү, айтор, Аканды желкесинен сүйрөп алып кетти. Ал да үн катпай кетип калды.

Кызык, кайын энем ак жоолугун салып жатканда эмнеге айтпады экен?

Себимди кучактап, үйгө кайтып келдим. Бир ай ооруп жаттым, кошуналардын шыбыраганы кулагымды жеп бүттү, ата-энем эшикке чыга албай калды. Жумушка чыктым. Билбегендер сурап, жарама туз сээп жатышты.

Билесизби, эркек дегенге ишенбей калдым. Максаты жок бир зомбидей эле басып жүрөм. Балам менен да ишим жок. Элдин бетин карай албай чүнчүп кеттим. Кантип 4 баласын, ажыраша элегин жашырып, мага үйлөндү? Эмнеге шаштым экен? Суранам, кеңеш бериңизчи, бул абалдан кантип чыксам болот?

Адис эмне дейт

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Саламатсызбы! Сиз аферист жана алдамчынын тузагына түшүп калдыңыз. Мунун бары сиздин ишенчээктигиңизден жана шашмалыгыңыздан улам болуп жатат. Бардык эркектер андай эмес. Тилекке каршы, көп учурда аялдар кооз жомокко ишенишет. Реалдуулук башкача.

Никеде эч кандай күтүлбөстүктөр болбошу үчүн, эки адам бири-бирин жакшылап изилдеп чыгуусу керек: кемчиликтерин, мүнөзүн, адаттарын, үй-бүлөсүн, тарыхын билип дегендей. Жакшысы, жакындары, туугандары жана ата-энеси менен алдын ала таанышып алуу. Никеге бир аз жеңил ойлуулук менен мамиле кылып койгонсуз.

Сиз үчүн турмушка чыгуу жана ак көйнөк кийүү маанилүү болгон. Бирок, той болот, той эртеси да болот. Майрамдан кийин күнүмдүк турмуш башталат. 

Болуп өткөн нерселерге жагымсыз тажрыйба сыяктуу мамиле жасоону сунуштайм. Жашооңуз улана берет. Кошуналар сүйлөп, бир аздан кийин унутуп коюшат. Тагдырыңыз бирөөлөр эмне деп айтат жана ойлот дегенден көз каранды эмес. Жашооңуздун кожоюну сиз. 

Кылмыш кылган жоксуз. Сиз жабырлануучусуз, ишенип жана иллюзияларга алдырып койгонуңуз үчүн гана күнөөлүүсүз. Эми кандай жолдош керек экенин так түшүнүүңүз зарыл. 

Максатыңыз турмушка чыгуу, түндө чогуу жатканга бирөөнү табуу эмес, кайгы жана кубанычта жаныңызда боло турган, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү мырза менен үй-бүлө куруу болсун. Күйөө тандоого олуттуу мамиле жасаңыз. Жаш кыз эмессиз, эки балаңыз бар. Кеп сүйүүнү издөө тууралуу эмес, жашоонун сапаты, сиздин жана балдарыңыздын ыңгайлуулугу жөнүндө. 

Бактылуу болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт