Мурдум чоң, кашым аз, бетимде сепкилдер бар деп уялам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Учурда студентмин. Акыркы күндөрү бет түзүлүшүм өзүмө жакпай баратат. Ар бир дене мүчөмдө сөзсүз кемчилик бар.
Мисалы, боюм узун болгону менен, буттарым кыйшыгыраак, бетимдин түзүлүшү чоң, сепкилдер бар, мурдум чоң. Кашым аябай аз болгондуктан 9-класстан бери боёп жүрүүнү адатка айлантып алгам. Жадкалса, боексуз үй-бүлөмө көрүнгөн уялам. Жуунганы киргенде каш боёк жана күзгүмдү кошо алам.
Акыркы күндөрү көзүмдүн астында майда бырыштар пайда болуп, өзүмдү кары сезип баратам. Өзүмдөгү кемчиликтерден улам адамдар менен эркин сүйлөшө албайм. Көчөдө баары мени карап тургандай сезилет. Үйдөн чыккым келбей калды.
Дильнура Ташыбекова
Психолог
Саламатсызбы! Коомдо өзүн-өзү кабыл албоо, жактырбоо же төмөн баалоо боло берет. Эгерде адам өзүн аңдып, жаман жагын издей берсе, ал нерсе көбөйүп күчөйт. Канчалык жакшы тараптарын издеп, аларды сүйүп, жакшы ойлорду ойлоп, бара-бара аны иш жүзүнө ашырууга болот. Адам баласында жалаң гана жаман эле эмес, сөзсүз түрдө жакшы тараптары да болот. Болгону алар көмүскөдө калып, терс жактарына гана көңүл буруп, энергия менен фокус ошол жакка кетип калат.
Өзүн-өзү критикалоо өзүн талкалоочу курал. Ошон үчүн биринчи кезекте өзүңүздү сүйгөндү жана оюңузду оңдошуңуз керек. Бирок, бул дароо болбойт. Беш-он күн өзүңүздү сүйүп, анан жыйынтык чыпайт экен деп таштап салбаш керек. Спортчулар жылдап машыгып, чемпион болуп ийгиликке жетишкендей, өзүңүздү жактыруу менен оюңузду ай-жылдап машыктыруу зарыл.
Көп нааразы болбой, колуңуздагы бар нерсенин баркын билиңиз. Кесипкөй адиске кайрылып кеңеш алып коюңуз.
Сизге ийгилик каалайм!