// //

"Ичпечи ата"! Тынчтыкта, бактылуу жашайлычы

2018.02.22, 12:17
2232

Менин жашым 17 де, 4 бир тууганмын, эки эжем жана бир байкем бар. Эжелерим турмушка чыккан, ата-энем 4 неберелүү болду, байкем азырынча бойдок. Менин көйгөйүм атам тойлордо, конокко барганда айтоор бир нерсе болгондо ичип алат жана ичкенин көтөрө албайт. Мас учурунда чаң тополоң салбайт, бирок сөзү менен адамды тирүүлөй өлтүрүп коёт. Апамды урат жана башка аялдар менен сүйлөшөт. Апам байкуш баарын билсе да билгизбегенге аракет жасайт. Атам кызганчаак, ошонун айынан мурунку өткөндү эстеп кайдагыларды айтат. Эң мага оор тийгени үйгө акча керек болуп же тамак-аш азыктарын алуучу убакта акча жок эле дей берет. Анан телефонун кечинде текшерсем башка аялдар менен сүйлөшкөнүн көрүп жөн эле жүрөгүм канжалайт. Аларга болсо ар нерсе алып берип, кафеге барганга акчасы бар. Биз үчүн болсо жок. Мындан сырткары мени адам катары көрбөгөнү өлтүрөт. Эмне кылышым керек, барган сайын жек көрүүм күчөп баратат? Бир күнү катуу уруш чыкса көтөрө албай бирөөнү же өзүмдү бир нерсе кылып салчуудаймын...

Жазганыңа караганда сен эң кыйын абалда турасың. Дайыма чымыркануу абалында, уруш-талаш, кордоо. Түшүнүп турам, бирок биз ата-энени тандабайбыз. Болуп жаткан абалды болгондой кабыл алуу керек. Башкача айтканда атаң ушундай, башка ата жок. Бир нерсени түшүнө билүү керек, адамдын өз каалоосу болмоюн аны башка бирөө өзгөртө албайт. Сен өзүңдүн көз карашыңды бул абалга ылайыктап өзгөртө аласың. Атамды өзгөртө алам деген каалоодон баш тарт.

Бир кызыктуу нерсе. Өзүбүздүн көз карашты болуп жаткан абалга өзгөрткөндө, ошол абал өзү өзгөрө баштайт.

Балким атаңдын ушинтип ичип, урушчаак болуп калганынын өзүнүн себептери бардыр. Көөбүнчө адам качан ичип баштайт? Анда кайгы-капасы жана оорусу бар болсо. Бирок бул атаңдын иши.

Сен эмне кылышың керек?

Биринчиден өзүңдөгү жек көрүү, жиниң келүү эмоцияларын чыгарышың керек. Атаңа болгон жек көрүү сезимдерин кагазга жазсаң, сендеги эмоциялар чыгат. Эң маанилүүсү ичиңдеги терс эмоцияларды калтырбай чыгарып туруу маанилүү. Анткени булар ден-соолукка зыянын келтирет. Дагы бир кеңеш, кылдаттык менен атаңдын жүрүш-турушун изилдеп көр. Кайсыл убакта, сен эмне кылганда же башка кайсы учурда анын жини келип баштайт, эмне болгондо уруш башталат, мына ушулардын баарын изилдеп билип алышың керек. Дагы атаң соо кезинде болгон окуя жөнүндө сүйлөшүп көр. Балким мунун баары ата-энеңдин ортосундагы эркек аял мамилеси менен байланыштуу болуп жүрбосүн. Идеалдуу дүйнөдө ата-эне бири-бирин, балдарын сүйөт жана ынтымактуу жашашат. Бирок тилекке каршы көбүнчө мындай болбойт. Ошондуктан атаңдын кылып жаткан идеалдуу эмес мамилесин колдон келсе туура көз караш менен кабыл алганды үйрөн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт