Кыргызстанда статистика кантип топтолот? Адис айтып берет
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин уюштуруу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ермекбаева статистика тууралуу суроолорго жооп берди.
Статистика деген эмне?
Статистика - маалыматтарды чогултуп, өлчөп, талдап жана аларды салыштырган билимдин бир тармагы. Мисалы, жөнөкөй тил менен түшүндүрсөм, энергияны жарыкка айлантуу үчүн трансформатор же электростанциялар керек, туурабы? Ошол сыяктуу эле, маалыматтарды чогултуп, аларды ирээттеп, колдонуучуларга сунуу үчүн статистика зарыл.
Кыргызстанда статистиканы ким жүргүзөт?
Бүгүнкү күндө расмий статистикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берет. Комитет аймактык деңгээлде эки шаар жана 7 облустук (аларга тиешелүү аймактык бөлүмдөрү) статистикалык башкармалыктары менен иш жүргүзөт.
Статистиканы ким эсептейт?
Статистик - статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана берүү менен алектенген адис. Башкача айтканда, статистик маалыматтарды чогултат жана талдайт, эсептөөгө байланыштуу методикаларды жүргүзөт, жыйнактарды түзөт жана чыгарат.
Статистикалык маалыматтар кандайча алынат?
Улуттук статистика комитети ар кандай маалыматтарды чогултуу методдорун колдонуп, ар кандай булактардан алынган статистиканы чогултат. Айталы, түздөн-түз байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, анкета кылуу ж.б. Мисалы, интервьюе́лерибиз базарга же дүкөндөргө барып азыктардын бааларын каттап чыгышат. Ал эми райондук статистика бөлүмдөрүбүзгө мекемелер келип отчетторун тапшырып кетишет. Ал жактан облус, андан кийин республикага, тактап айтканда бизге жөнөтүлөт.
Буга чейин маалыматтар кагаз жүзүндө келип түшөт эле. Аларды компьютерге киргизип, талдап, иштеп чыгуу үчүн көп убакыт кетет, колдонуучуларда нааразычылыктар пайда болчу. Жакынкы арада бул көйгөй жоюлат, анткени электрондук форматка өтүү алдында турабыз.
Статистика кайда колдонулат?
Статистикалык маалыматтар изилдөөлөрдө, экономикада, менеджментте, социологияда, медицинада, геологияда, тарыхта ж.б. активдүү пайдалануучулар үчүн колдонулат.
Статистика эмне үчүн керек?
Статистикалык маалыматтар чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. Мисалы, бизнес тармагын алалы. Өкмөе бир жерге мектеп курууну чечти дейли. Мектепти алдынкы 10-20 жыл ичинде мектеп курагындагы балдардын өсүсүүнө байланыштырабыз. Ошол себептен ал алгач ошол аймак боюнча маалымат чогултат: канча адам жашайт, суроо-талап барбы же жокпу ж.б. дегендей. Же медицина тармагына токтолсок, өлкөлөр өлүмдөрдүн, оорунун жана жаракаттын себептерин аныктоо үчүн саламаттыкты сактоо статистикасына муктаж. Ошол статистикалык маалыматтар менен ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү аныктап, аны чечишет.