// //

Күйөөмө талгак болуп, жумуштан келсе кадимкидей тиштейт элем. Күлкүлүү окуялар

2021.03.30, 16:11
5445

Bilesinbi.kg окурмандарынан талгак учурунда кандай кызыктуу окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Баса, баяндарды толугу менен бул жерден окуй аласыз. 

Туздалган бадыраңга талгак болгом

Мен түнкүсүн саат экиде туздалган бадыраң жегим келген. Ыйладым. Үйдө жок болчу, айылдагы дүкөндөр иштебейт. Күйөөм бүт досторуна чалып чыкты. Акыры бирөөсүнөн чыкты. Алып келгенде бир эле штук жеп, анан жегим келбей калган. g__mamyrova

Чымчыкка талгак болгом

Мен чымчыкты кармап, шишкебек кылып жегим келген. Анан Москвада каяктагы чымчык, бөдөнөнүн этин алып, күйөөм шишкебек жасап берген. shirin_030889

Кошунанын тамагына талгак болгом

Мен кошунанын тамагын уурдап жегенге талгак болгом. Берсе жебейм, уурдап жегим келчү. Анан кир самындын жытына. Маршруткада самын жыттанып үйгө араң жеткем. Жеп жибергим келчү.

Кулпунайга талгак болгом

Мен көбүнчө кулпунай менен алманы укмуш жедим. Күйөөм эмне жегим келсе, түн болобу таап келет эле. Эсимде түнкүсүн туруп алып балмуздак менен бадыраң жегим келди. Жолдошум “ошол элеби”,-деп алып келип берген. Ушунча ыраазы болгом. meerimasanbekoba

Банан менен сгущенкага талгак болгом

Бананды сгущенкага ээзип жеп жатсам, күйөөм көрүп алып кускан.  Анан кызым боюмда бар кезде, үйгө конок келишин каалачу эмесмин. Апам жасаган гана “пирожкини” жечүмүн. Уулумда болсо тамакты ылгабай бүт жедим. Азыр кызым тамакты тандап жейт, уулум тандабайт. nsatkymbaeva29

Курутка талгак болгом

Курут, алмага талгак болдум. Бир күнү базардан апам курут алып келип берди. Аны эшикке коюп, өзүм дааратканага кирип кеттим.  Келгичекти куруттарды ит жеп кеткен экен. Ошондо ыйлаганым эсимде. aliyakanatbekkyzy

Эжемдин тамагына талгак болгом

Бир тууган эжемдин жасаган тамактарын жегим келип үйүндө бир ай жашадым. Жездем да түшүнүктүү болчу. Азыр экөөнө ыраазымын. Бир туугандар бар болсун бактыбызга. jazdykcha

Алмага талгак болгом

Кызымда алмага талгак болгом. 30 кг алманы 2 күндө жеп койгом. Азыр 3-баламды көтөрүп жүрөм. Алма жесем кусуп жатам. zhyldyz5205

Чымчыкка талгак болгом

Мен чымчыкты кармап, шишкебек кылып жегим келген. Анан Москвада каяктагы чымчык, бөдөнөнүн этин алып, күйөөм шишкебек жасап берген. shirin_030889

Кошунанын тамагына талгак болгом

Мен кошунанын тамагын уурдап жегенге талгак болгом. Берсе жебейм, уурдап жегим келчү. Анан кир самындын жытына. Маршруткада самын жыттанып үйгө араң жеткем. Жеп жибергим келчү. elvira.aielina

Күйөөмө талгак болгом

Мен күйөөмө талгак болгон окшойм. Күйөөм ишке кетсе, ачуулана берем. Келсе кучактап, колдорун, мойнун тиштейт элем. Азыр ошол күндөрдү эстеп күлөм. Балам атасынын көчүрмөсү.  daniya_shifa_kg

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

"Мугалимдер бизден кечирим сурагыла". Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт