// //

Пайдалуу кеңеш. Кантип бала бакча ачса болот?

2019.01.21, 18:18
3563

Эскертүү! Бала бакча социалдык бизнес, көп каражат түшпөйт.

Бала бакча ачаардан мурун буларды сөзсүз окуп чыгыңыз!

Лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Лицензиялык экспертиза өткөрүү үчүн арыз (№1 форма);
  2. Бала бакчанын түзүмү жөнүндө жалпы маалымат, окуучулардын саны (№2 форма);
  3. Бала бакчанын материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымат, ижара келишиминин көчүрмөлөрү;
  4. Бала бакча китепкана жана окуу адабияттары менен камсыздалгандыгы жөнүндө маалымат (№4 форма);
  5. Бала бакча кадрлар менен камсыздалганы жөнүндө маалымат (№5 форма);
  6. Бала бакчанын жана уюштуруу документтеринин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
  7. Бала бакчанын уставынын көчүрмөсү;
  8. Лицензия алуу үчүн төлөнгөн дүмүрчөктүн көчүрмөсү.

Арыздын формаларын бул жерден жүктөп алыңыз. 

 1. Бала бакчанын уставын түзүү

  • Бала бакчанын уставын түзөсүз;
  • Уставды бекитүү үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук бөлүмүнө арыз жазасыз;
  • Сизге 30 күндүн ичинде кат түрүндө жооп беришет;
  • Катты юстиция органына өткөрүп бересиз.

 2. Имарат издөө

  • Бала бакчага ылайыктуу имарат издейсиз;
  • Ижара келишимин түзөсүз.

Бөлмөлөрдүн көлөмү (бир балага) 3 чарчы метрден аз жана шыптардын бийиктиги 2,7 метрден төмөн болбошу керек.

 3. Келишим түзүү

  • Ижара мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болууга тийиш;
  • Келишим сөзсүз түрдө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек;
  • Ижара келишиминин көчүрмөсүн уставга кошуп, юстиция органына өткөрүп бересиз.

 4. Каттоо

  • Бала бакчаны коммерциялык же коммерциялык эмес уюм катары каттайсыз.

 5. Билим берүү планын жазуу

  • Бала бакчанын билим берүү планын жазасыз (жылдык, календардык-тематикалык);
  • Планды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейин билим берүү башкармалыгына текшертесиз.

 6. Документтерди топтоо

Колуңузда болушу керек:

  • Юстиция органы берген юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк;
  • Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ижара келишимин көчүрмөсү;
  • Толтурулган анкеталар;
  • Лицензия алуу үчүн төлөнгөн акынын дүмүрчөгү.

 7. Документтерди тапшыруу

  • Лицензия алуу үчүн документтерди КРнын билим берүү жана илим министрлигине тапшырып, жообун күтөсүз;
  • Санитардык-эпидемиологиялык  жана өрт инспекциясына каттоого турасыз;
  • Кызматкерлерге санитардык китепче аласыз.

Куттуктайбыз!

Билим берүү министрлиги лизенция берүү чечимин кабыл алса, ишти баштайсыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт