Косметолог: Көздүн тегерегиндеги бырышты алдын алуу сырлары
Убакыттын өтүшү менен адамдын жүзүндө майда бырыштар пайда боло баштайт эмеспи. Албетте бул бардык адамга жакпаса керек. Косметолог Надира Бейшеева көздүн тегерегиндеги бырыштарды алдын алуунун сырларын айтып берет.
Көздүн тегерегиндеги тери -өтө назик, жука жана сезимтал болот. Кадимки эле көз ирмемден көздүн айланасындагы булчуңдар иштеп, мимикалык бырыштар түшөт.
Көздүн тегерегине бырыш түшөт:
- Нормалдуу эс албаганда;
- Уктоо режими бузулганда;
- Тузду ашыкча колдонгондо;
- Бөйрөк, кан-тамыр, жүрөк жабыркаганда.
Ошондуктан, көздүн айланасына туура кам көрүү керек.
Ал үчүн,
- Гипераллергиялык косметикалык каражаттарды колдонуу,
- Декоративдик косметиканы мөөнөтү бүткөндө колдонбоо,
- Атайын бет майларды, уюткуларды (сыворотка) колдонуу,
- Күнгө чыкканда атайын SPF крем колдонуу,
- Күндөн коргоочу көз айнек тагынуу.
Бырышты алдын алуучу косметологиялык каражаттар:
- Мезотерапия;
- Пиллинг;
- Лазердик жылмалоо;
- Ботокс;
- Биоревитализация.
Үй шартында:
- Петрушкадан маска;
- Ромашкадан маска;
- Көк чайдын тундурмасы;
- Муз кубиктери.
Маскалар:
Бир даана картошканы майдалап, ага 1-2 чоң кашык сүт же каймакка аралаштырып, көздүн тегерегине 15-20 мүнөт коесуз. Андан соң жылуу суу менен жууп коюу жетиштүү.
100 гр сулу акшагына 1 чон кашык сүт, 1 даана жумуртканын сарысын аралаштырып, көздүн тегерегиндеги бырышты алдын алуу үчүн колдонсо болот.
Сулуулук дүйнөнү сактайт!