// //

Күйөөм алтын шакек, сөйкө тагынган келинге эмне үчүн көз салганын кийин түшүндүм

2021.03.14, 12:33
14971

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз базарга түшкөнбүз. Батир акысынан калган тыйындарды топтоп картошка, макарон, пияз анан май алдык. Чайыбызга жетпей калды. Бир ай кайнак суу ичебиз деп кайгыбызды күлкүгө салып коюп базардан чыктык.

Маршрутка күтүп турсак аялдамага бир келин келди. Кыязы, такси чакырган окшойт. Улам бирөө менен сүйлөшүп даректи айтып жатты. Анчейин деле маани берген эмесмин. Бир маалда күйөөмдүн көзү анда экенин байкадым. Кызгандым. Билгизбедим. Сүйлөсөм жооп берип коет, кайра эле аны карайт. Маршруткабыз келип калды. Түшүп баратып дагы карады.

Үйгө маанайым жок келди. Күйөөм картошка кууруп дасторконго чакырды. Экөөбүз кезектешип тамак жасайбыз. Анан “каблук”, “лох” деген сөздөрдү айтпай эле койгула. Биздин үй-бүлөнүн эрежелери ушундай. Ар дайым кол кармашып, бирибизден өйдө же ылдый эмес, жанаша жүрүүнү чечкенбиз.

Столго келип отурдум. Эч нерсе болбогондой тамак салды. Эки көзүм анда. Айтсамбы же айтпасамбы? Өзү сөз баштады.

- Жаным, жанагы келинди көрдүңбү?

- Мага караганда сен жакшы байкадың окшойт.

- Колундагы шакеги, сөйкөсү комплект экен, гүлдөрү сонун, өзгөчө жасалаптыр э?

- Байкаган жокмун. Аны эмне айтып жатасың.

- Буйруса сага ошондой алып берем. Сен дагы сонун шакек, сөйкө тагынасың. Алдыгы бүрдөп кеткен эски пальтоңду ыргытып, жакшынакай шуба киесиң. Бутума турарым менен сага жанагы келиндикиндей сөйкө алып берем. Ага караганда сенин жүзүңө сонун жарашат. Эх, акчам эле болгондо, кайдан алганын сурамакмын.

Сүйлөнүп коюп тамагын жей берди. Көзүм жашылданып, колдорум титреп чыкты. Күйөөм ал алтындарды алып бербесе дагы, ушул сөзү эле мага жетиштүү болчу.

- Эмне болду? Эмнеге ыйлап жатасың?

- Мурчту көп сээп алыпмын, оозум ачышып кетти.

- Кел мен тарапты же.

Тарелканы жылдырып мага мурч себилбеген жагын берди. Мен тамак жебей аны суктанып карап отура бердим.

Андан бери көп жыл өттү. Жашоонун ысыгын дагы, суугун дагы көрдүк. Бир нерсени айтып коюн, күйөөм сөзүнө турду. Туулган күнүм болобу, майрам болобу, же кадимки күндөрдө, колуна акча тийсе эле мага шакек менен сөйкө көтөрүп келет. Тагынсам сүйүнүп, дагы башкачасын көргөнүн, эмкиде аны алып берерин айтат.

Азыр бул баянымды окуп жаткандыр. Анткени силерге катталуу. Жаным, мен сени жаш кезектен дагы катуу сүйөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт