Балдар үйүндө өскөн кызмын. Кызыма кантип жөлөкпул алып, алимент өндүрсөм болот?
Саламатсызбы! Мен жалгыз бой энемин, жолдошум менен ажырашып кеттик. Жөлөкпул алып, алимент өндүрүү үчүн кайда кайрылсам болот? Өзүм балдар үйүндө өскөн кызмын. Азыр кызымды жалгыз тарбиялап жатам.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. Бул жөлөкпулду алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылыңыз. Бүгүнкү күндө каттоосу башка жерде экенине карабастан туруп жөлөкпул факт жүзүндө жашаган жери боюнча чектеле турганын айта кетели. Бул жерден "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуy алуу шарттарын таба аласыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.