// //

Кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. Айласы кеткен келиндин баяны

2019.01.20, 13:03
8093

Саламатсызбы! Bilesinbi.kg порталынан көп адамдардын окуясын окуп калам. Мен да өз баянымды айтып бергим келет. Айрымдар үчүн күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок, айлам кетип баратат. 

Анда эмесе, кеп башынан болсун.

"Алтымыштагы кайын энемдин жоругу таң калтырат"

Күйөөгө тийгениме 5 айдын жүзү болду. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан кайын энем менен чогуу турабыз. Турмуш шартыбыз жакшы. Болгону бир эле көйгөй бар - кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. 

Алтымыштан ашып калган аялдын мындай кадамга барышы мени  аябай таң калтырат. Акча тартыш болсо бир жөн, түшүнөт элем. 

Биз үйлөнгөндөн бир жума өтпөй бир-эки ич кийимдеримди таппай калдым. Жууп жайып койгон жеринде жок. Апаман (кайын энемен) сурагандан уялдым. Күйөөмө айтсам, "шамал учуруп кетсе керек", - деп койду. Издеген жокмун. 

"Таякем прокладканы эмне кылмак эле"

Мына эми, жаңы эле алган прокладкаларымдын жарымы жок. Үйдө мен, күйөөм, кайын атам жана кайын энемден башка эч ким жашабайт. Ии баса, ал күнү айылдан бир таякебиз келген. Эми ал албайт да (күлүп). Ким болду экен?

Эстесем, ич кийимдерим мен үйдө жок болгондо жоголот экен: сыртта жүргөндө, базарга же конокко кеткенде.

Апам (өз апам) себимдин жарымын берип жибермек болду. "Кулпусу бар шкаф алып бериңизчи", - деп сурандым. Эртеси бир тартмасы кулпулана турган комод келди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла!

Баары бүттүгө деп ойлогом. Жаңылыпмын. 

"Майкасына оролгон прокладкалар"

Ич кийимимдин кымбат комплектиси (турса, бюстгальтер, халат) бар болчу. Жууп, жайып коюп дүкөнгө кеткем. Келсем бюстгальтерим жок. Суу ич кийимди ким алды!? Ачуум келди. Чыгынып барып апаман сурадым. Ийнин куушуруп, сыртка чыгып кетти.  

Дароо бөлмөсүнө кирип, тартмаларын аңтарып кирдим. Мына кызык...

  • Биринчи тартма - биз үйлөнгөндө жоголгон эки ич кийим.
  • Үчүнчү тартма - майкасына оролгон прокладкалар.
  • Төртүнчү тартма - кургай элек бюстгальтер.

Бул эмнеси, апам тамашалап жатабы!? 

Карып калган аялдын бул жоругуна таң калып бүтпөй келем. Эч кимге айткан жокмун, жөн гана маани бербей коюуну чечтим. Кандай ойлойсуңар, ушундай болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Миргул Муктарова
07.07.2019, 20:44

Мумкун, психикалык жактан сабыркап жургондур. Жолдошунузга ачык айтып, коргозуп койсонуз жакшы болмок экен. Эми айтсанар ишенээр бекен?  Баса колому(размери) кандай? Тан калычтуу! Психологдор эмне дейт болду экен. Мумкун озунун кызына беруу учун чогултуп жургондур?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт