Бала төрөгөндөн кийин жыныс мүчөмдөн жел чыкчу болду. Бул нормалдуу элеби?
Саламатсызбы! Бала төрөгөндөн кийин жыныс мүчөмдөн жел чыкчу болду. Өзгөчө жыныстык катнаш учурунда осургандай болуп үн чыгат. Бул нормалдуу элеби? Эч жерим оорутпайт.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул төрөттөн кийинки кадимки көрүнүштөрдүн бири. Бала төрөлгөндөн кийин жыныс кыны мурдагыдай болбой калат. Кындын "стенкалары" жакшы жана тыгыз жабылбай, натыйжада айтылуу үндөрдү угасыз.
Эмне кылса болот?
Кындын "стенкаларын" бекемдөө үчүн көнүгүүлөрдү жасап туруңуз (аларды интернеттен тапсаңыз болот) же интимдик булчуңдар менен туура иштөөнү үйрөткөн атайын курстарга жазылсаңыз болот. Ошондой эле, үйдө колдоно турган атайын тренажерлор жана шаймандар бар.
Кошумчалай кетчү нерсе төрөй элек айымдарда дагы кездешет. Мисалы, жыныстык катнаш убагында жыныс кынына жел кирип кетип, кайра басым астында чыгат. Бул деле нормалдуу, коркунучтуу эч нерсеси жок.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.