Өзүнчө эле нерв болуп, бирөө сүйлөсө жактырбай жатам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Акыркы эки айдан бери өзүнчө эле нерв болуп, бирөө сүйлөсө жиним келип жатат. Бир кыз, бир уулум бар. Алар сүйлөсө акырын жооп бере албайм, кыйкырып сүйлөйм. Балдарымдын психологиясын бузуп аламынбы деп коркуп жатам.
Эмне кылып күйөөм менен ажырашсам деген жаман ойлор мени арбап алды. Кантип чыгаарымды билбейм.
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, көптөн бери стресс абалында жүрүп, андан чыга албай жаткандай туюлуп жатасыз. Жөн жерден эле жолдошум менен кантип ажырашам деген ой келген жок. Кандайдыр бир окуянын, мамиленин таасиринен улам ушундай акылбада турасыз. Ойлонуп, анализдеп көрүңүзчү.
Өсүп келе жаткан балдарыңызга сабырдуулук менен мамиле кылышыңызды суранам. Агрессияны балдарыңызга эмес, башка пайда алып келчү жака жумшап, эмоцияңызды чыгарганды үйрөнүңүз. Жакшы көргөн ишиңиз менен алек болуңуз, жумушка баш отуңуз менен киришиңиз. Мисалы, түймө түйгөндү жакшы көрсөңүз ошол иш менен алектенип көрүңүз. Өзүңүздү колго алып, сабырдуу болгонго аракет кылып көрүңүз. Жакын адамдарыңыздан жардам сураңыз.
Өзүңүздү таппай жүргөндөйсүз, берген суроолоруңуз көп. Бир эле эмес бир нече жолу психологдун консультациясын алыңыз.
Ийгилик сизге!