// //

Эмне үчүн боюма бүтпөй жатат деп ыйлай берсеңиз, балалуу болбойсуз

2021.02.26, 16:57
2899

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова кош бойлуулукка тоскоол болгон психологиялык фактор тууралуу айтып берди. 

Өткөндө кош бойлуулукка тоскоол болгон негизги факторлор тууралуу айтып бергем. Материалдын аягында тукумсуздуктун психологиялык фактору дагы болорун айтып, аны кийинкиде кененирээк сөз кылабыз деген элем. Анда эмесе ошол фактордун себебин түшүндүргөнгө аракет кылайын. 

Аң-сезимиңиздин түпкүрүндө балалуу болууну аябай каалаганыңыз менен кош бойлуулук, төрөт жана денеңизде боло турган өзгөрүүлөргө байланыштуу коркуу сезимдери болушу мүмкүн. Буларга ар кандай тыюу салууларды, түшүнүктөрдү, ишенимдерди дагы кошо кетсек болот. 

Көңүлүңүз толугу менен бир гана багытка бурулган. Мисалы, этек кириңиз келип калганда, досторуңуз, кесиптештериңиз, тааныштарыңыз же туугандарыңыз качан деп сураганда өзүңүздү кармай албай ыйлап киресиз. Кээде эч кимге көрсөтпөй көз жашыңызды төгөсүз. Өзүңүздү аяйсыз, ошол эле учурда "Эмне үчүн менде ушундай?" деп ар кандай суроолорду берип жемелейсиз. Бул кырдаалдар сизге тааныш болуп жатабы?

Жыйынтыгында мээңиз тынчсызданууга, чечимдерди издеген айласыз ойлорго толуп, толкундануунун же басымдуулуктун патологиялык очогу пайда болот. Бул эмнеси менен коркунучтуу? Жообу төмөндө.

Табият тукум улоо сиз үчүн кооптуу деп чечип, бул функцияны өчүрүп коет. Анткени табияттын эң маанилүү милдети - сиздин коопсуздугуңуз жана биринчи орунда турат. Ошентип, бул туңгуюк айлампа улана берет. Уландысын кийинки чыгарылышта айтып берем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жыныстык катнаштан кийин бутту өйдө көтөрүп жатса тезирээк бойго бүтөбү? 

Төрөт учурунда туура дем алуу техникасын бул жерден окуңуз. 

Кош бойлуулук. Кайсы айларда гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүү керек? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт