Эмне үчүн боюма бүтпөй жатат деп ыйлай берсеңиз, балалуу болбойсуз
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова кош бойлуулукка тоскоол болгон психологиялык фактор тууралуу айтып берди.
Өткөндө кош бойлуулукка тоскоол болгон негизги факторлор тууралуу айтып бергем. Материалдын аягында тукумсуздуктун психологиялык фактору дагы болорун айтып, аны кийинкиде кененирээк сөз кылабыз деген элем. Анда эмесе ошол фактордун себебин түшүндүргөнгө аракет кылайын.
Аң-сезимиңиздин түпкүрүндө балалуу болууну аябай каалаганыңыз менен кош бойлуулук, төрөт жана денеңизде боло турган өзгөрүүлөргө байланыштуу коркуу сезимдери болушу мүмкүн. Буларга ар кандай тыюу салууларды, түшүнүктөрдү, ишенимдерди дагы кошо кетсек болот.
⠀
Көңүлүңүз толугу менен бир гана багытка бурулган. Мисалы, этек кириңиз келип калганда, досторуңуз, кесиптештериңиз, тааныштарыңыз же туугандарыңыз качан деп сураганда өзүңүздү кармай албай ыйлап киресиз. Кээде эч кимге көрсөтпөй көз жашыңызды төгөсүз. Өзүңүздү аяйсыз, ошол эле учурда "Эмне үчүн менде ушундай?" деп ар кандай суроолорду берип жемелейсиз. Бул кырдаалдар сизге тааныш болуп жатабы?
⠀
Жыйынтыгында мээңиз тынчсызданууга, чечимдерди издеген айласыз ойлорго толуп, толкундануунун же басымдуулуктун патологиялык очогу пайда болот. Бул эмнеси менен коркунучтуу? Жообу төмөндө.
Табият тукум улоо сиз үчүн кооптуу деп чечип, бул функцияны өчүрүп коет. Анткени табияттын эң маанилүү милдети - сиздин коопсуздугуңуз жана биринчи орунда турат. Ошентип, бул туңгуюк айлампа улана берет. Уландысын кийинки чыгарылышта айтып берем.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жыныстык катнаштан кийин бутту өйдө көтөрүп жатса тезирээк бойго бүтөбү?
Төрөт учурунда туура дем алуу техникасын бул жерден окуңуз.
Кош бойлуулук. Кайсы айларда гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүү керек?