Досторум кыз мүнөздүүсүң деп басынтат. Корс, орой болушум керекпи?
Саламатсызбы! Жашым 22де. Мен бир жакпаган сапаттан арылуу үчүн, кеңеш алуу максатында жазып жатам. Мени кыз мүнөздүү дешет. Кыздардай сылык сыпайысың дешет. А мага бул сапат жакпайт.
Досторумдун арасында да басмырлоо көп болот. Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн эмне кылуум керек? Психологдун кеңешин окуп көрөйүнчү.
Кичинемде кыздар менен ойночу экенмин. Балким ошондон көз карашым алмашкандыр.
Корс мүнөз, орой болуу кажетпи? Билбейм так, туура кеңеш күтөмүн.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман!
Жогоруда айтып жаткан мүнөзүңүз күнүмдү турмушта канчалык деңгээлде кедергисин тийгизип жатат? Же көпчүлүктүн ою көптүк кылып, ошондой ой жүгүртүп жатасызбы?
Ар бир адам индивидуалдуу. Эркек корс, күчтүү, ыйлабаган болушу керек деген сыяктуу стреотиптик көз караштан чыгышыңыз керек. Орой, корс мүнөздүү болсом мени басмырлашпайт деп ойлоп жатсаңыз жаңылышасыз.
Биринчи кезекте, элдин ою менен болбой, өзүңүздү сыйлай билгенди үйрөнүңүз. Өзүңүзгө өзүңүз турганга үйрөнүңүз. Кичинекей кезде кыздар менен көп ойноп көз караш алмашат деген туура эмес ойлоруңуз менен иштегенди үйрөнүңүз. Өзүңүздү сыйлай билиңиз, башкалардын оюу менен жашабаңыз.
Сизге ийгилик каалайм!
Асслааму алайкум Куран жаттап жок дегенде 1джуз(пара). Анан хаатим кылганга убакыт болуп, бир болмодо орто ун менен билген жаттаганындын баарын 3 хаатим кыраат кылсан созсуз ким экениндин, максатынды, озундун нагыз мунозунду табасын. Характер резко озгорот ошондон кийин. Себеби озундо чон кубат сезесин