// //

Ала качып кеткенде олтурбай койгом. Эми бактым ачылбай калабы?

2021.02.12, 14:23
2427

Жашым 19да.  Ата-энем бар. 2-курста окуйм, тиккенди, бычканды билем. Анда сөз башынан болсун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп ушуну айтса керек. Мындай болуп кетээрин билбептирмин.  

Классташ балам сүйгөн кызы менен эки жылдай сүйлөшкөн. Аларды айылдагылардын баары билчү. Армияга барып келди. Ата-энелери тойду сүйлөшкөнү барышса, калыңды 200 миң, сүт акыга бир торпок, анан балаңар бизди үйдө жашайт дешкен имиш. Классташым бул сөздөргө чыдабай, сүйлөшкөн кызына да өчөшүп мени ала качып кетти. Мен олтурбай койдум. Ал бала менен мамилем деле жок болчу. Азыр ошол баладан ушунчалык жийиркенем. Көңүлүң болбосо кыйын экен, олтуруп өз турмушумду бузгум келген жок. Элдерден ар кандай кептерди уктум. Ата-энеме дагы кыйын болду. Ушундай жаман сөздөрдү угам деп мени чоңойткон эмес да. Кээде өзүмдү жаман сезип кетем. Жалган сөздөрдүн айынан бир нерсе кылгым келип кетет.

Мен туура эмес иш кылдымбы? Ушул суроо мени күндөн-күнгө жеп келет. Кантип кутулсам болот? Бирөөнүн эшигин аттаган кыз деп, өмүр боюу так калабы? Бактым ачылбай калсачы деп корком. Мага кеңеш бериңизчи. Анан да окурмандардын арасында олтурбай кетип калып, бактысы ачылгандар барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2021, 14:23

Нуриза Батырбекова

Психолог

Салам! Катыңызды окуп алып, сиз менен сыймыктанып турам. 19 жаш курагыңызда чоң адамдай туура тандоо кылгансыз.

Көпчүлүгүбүздө үй-бүлө куруу эң негизги максаттарыбызга кирет. Үй-бүлө деген эмне?  Үй-бүлө - бул байлыгыбыз, ал жакта өзүбүздү жакшы сезебиз, биз жакшы көргөн адамдар болот, кичинекей мамлекетибиз. Ошол мамлекетти курардын алдында кандайдыр бир этаптардан өтүшүбүз керек.

Ала качып кеткенде бири-бириңерди тааныбайсыңар, билбейсиңер, ортодо сезимдер жок. Мындай учурда кичинекей мамилекетти өнүктүрүү аябай оор. Үй-бүлөнү курарда эки тарапта кандайдыр бир сүйлөшүүлөр, макулдашуулар болушу керек. Сиздин окуяны зордук-зомбулук деп да айтсак болот. Сизден уруксат сурабай, эркиңизге каршы алып качкан, эң оор жана эң начар көрүнүш.

Мындай учурларда кыздарда, айымдарда өздөрүн күнөөлө сезимдери болушу мүмкүн. "Мен жаман адаммын", "эмнеге мен менен мындай болду" ж.б деп өзүбүздү урушуп, жемелеп баштайбыз. Бул туура эмес, бул жерде сиздин эч кандай күнөөңүз жок.

Катыңызды сонун сөздөр менен жазыпсыз. Сизди ата-энеңиз бул дүйнөгө бакыт үчүн жараткан. Ар бир адамдын бактылуу болууга укугу бар. Анан ошол эле бакытты жараткан, көбөйткөн өзүбүздүн колдо.

Ичиңиздеги сезимдерден арылып, сезимдер менен иштеп, ичиңизде болгон  ойлордун бардыгын туура жөнгө салсаңыз, бир нерсеге жеткен оңойурак болот. Эң биринчи өзүңүзгө айта турган сөз “бул окуяда менин же ата-энемдин эч кандай күнөөсү жок”.  

Каттын башында жазганыңыздай, ата-энеңиз бар экен, окуйт экенсиз, кандайдыр бир жөндөмдөргө ээ экенсиз. Ошол нерселердин бардыгы ички дүйнөңүздүн бай экендигин, күчтүү экендигиңиздин белгиси.

Бактылуу болбой калам, бактым ачылбай калат, деген суроолор коркутуп турганда “менин ата-энем мени бакыт үчүн жараткан” деп эстеп турсаңыз болот. Ошондой эле “стоп” деген техниканы колдонуңуз. Эмне үчүн мен өзүмдү коркутуп жатам, эмне үчүн өзүмдү жемелеп жатам деп, өзүңүздү башка нерсеге алаксытканга аракет кылыңыз.

Өз алдынча иштөө жардам бербесе адиске кайрылууну суранам.

Психолог Нуриза Батырбековаменен инстаграмдагы danak_er баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт