// //

Апам үчүн кыялдарым эмес иштеп акча тапканым пайдалуу. Мигрант кыздын баяны

2021.01.24, 16:00
6522

Bilesinbi.kg сайты чет жерде жүргөн мекендештерибизден жашоосу жөнүндө айтып берүүнү суранды. Айзиректин  (аты өзгөртүлдү) баяны. 

Эки ай, болбоду дегенде беш ай эле иштеп келем деп ойлойсуңар. Бир чындыкты айтып коен. Келгенден кийин кете албайсыңар. Болжолдогон убактыңардан үч эсе көп мөөнөткө кармаласыңар. Кур сүйлөгөн жокмун. Мендей кезинде келип, ошол бойдон иштеп жүргөн эжелерди көп көрдүм.

Үч жыл окубай таалада тентип жүргөнүмө ыза болом. Кээде “сен турмушка быштың” деп өзүмдү сооротом. Жумуш. Жумуш. Жумуш. 16 жаштагы кыз кантип 20га чыккан билбей калды. Ишенесиңерби, мындайда тапкан акчаң маанисин жоготот экен.  

Апамды сагынып ыйлам. Жетекчимден уруш жеп ыйлам. Кесиптештерим менен түшүнбөстүк болуп ыйлайм.Тагдырыма таарынып ыйлайм.

Жаңы эле 9-классты бүткөм. Кайсы кесиптин ээси болсом деп ойлонуп жүргөм. Турмуштун мага болгон башка пландары бар экенин кайдан билдим. Эжем күйөөгө чыга турганын айтып калды. Үй-бүлөбүз карапайым. Бизде той өткөргөнгө кайдагы акча. Москавага кетүүгө мажбур болдум. Эстесем, ошол убакта окубай каламбы деп ойлонбопмун. Азыр жүрөгүмдө бир өкүнүч жашайт.

Самолетто баары уктап баратышты. Мени ойлор уктаткан жок. Кантип жашайм? Кантип иштейм? Суроолор көп, жооптор жок.

Базарда сатуучу болуп иштедим. Тажрыйбам жок жетекчимден көп уруш уктум. Башында ыйлап жүргөн жаным, аягында жооп кайтарып, өзүмдү коргой баштадым. Турмуш мени эрте бышырды. Мунусуна ыразымын.

Көз кысып тийишкендерге маани бербей койсоң кутулат экенсиң.

Балким апам окубай калганыма ичинен кейип жатат. Билбейм, сыртынан унчукпайт. Апам үчүн менин кыялдарыма караганда иштегеним пайдалуу. Кыялдарымдын ишке ашпаганына өзүм күнөөлүмүн.

Азыр апамдын жанындамын. Жакында каалабасам дагы Мосвкага кетем. Бул жактан деле иш тапсам болчудай. Бирок, билимиң менен таанышың жок айлыгы жакшы жумуш чыкпайт экен.

Окуюн десем убакыт жок. Убакыт болсо акча жок. Туюк айлампанын ичиндемин.

Окууну самап, бирок акча үчүн кетип жатсаңар терең ойлонгула. Биз жашбыз, алдыда көптөгөн кызыктуу нерселер күтүп турат. Билим алгыла, эс алгыла  үйдөгүлөр менен көбүрөөк убакыт өткөргүлө. Иштеп акча тапканга кийинчерээк деле жетишебиз.

Билимге болгон умтулум күн сайын күчөп барат. Оор турмуш кыялдарымды унуттура албады. Мен буга сүйүнөм. Калганы өзүмдөн көз каранды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт