// //

Москва мени сыйлайт, мен аны сыйлайм

2021.01.20, 14:18
2266

Bilesinbi.kg сайты чет жерде жүргөн мекендештерибизден жашоосу жөнүндө айтып берүүнү суранды. Жазгүлдүн баяны.

Менин атым Жазгүл, Москвага келгениме 5 жыл болду.

Биринчи күндөрү көнө албай кыйналдым. Албетте, ата-энемди, мекенимди сагындым. Азыр ошол күндөрдү эстеп жылмаям. Жумушума рахмат. Ал мени алаксытты. Ойлонгонго убакыт калтырбады.

Москва,  кооз, сонун шаар экениңди келген күндөн бери билдим. Сага позитивдүү мамиле кылганды үйрөндүм. Сезимдеримди жоопсуз калтырган жоксуң, кайра эки эселеп кайтарып бердиң.

Болгону, сенден бир нерсе сурайын. Мен кээде мекенимди сагынсам, таарынбайсыңбы?

Самолет. Ичимде ар кандай сезимдер болуп жатат. Бирөөсүнүн атын так билем, ал – коркуу. Бирок, мен чакырык таштаганды жакшы көрөм. Курбум жакшы компания деди. А мен эмнеге болбосун дедим. Самолеттен түштүм. Башымды өйдө көтөрүп, келечегиме карай багыт алдым.

Микрокредиттик компаниянын маркетинг бөлүмүнүн адисимин! Сыймыктануу менен өзүмдү ушинтип тааныштырам. Албетте, мен багынтчу ийгиликтер али алдыда. Өжөрлүгүм менен сөзсүз ага жетем. Баса, жоопкерчилик менен билимге умтулууну дагы унутпаш керек.

Жөө сейилдегенди жактырам. Мен, Москва көчөлөрү жана ойлорум. Башка эч ким жок. Ошентип сейилдеп жүргөн күндөрдүн биринде маанилүү нерсени түшүндүм. Билим, маданият өнүккөндө – эл өнүгөт.

Кара жумушту жаман деп көңүлүн ооруткандын кереги жок. Баары максатыбызга жана жөндөмүбүзгө жараша болот. Кылган жумушуңдун майын чыгара жасасаң, сый табасың. Болгону токтоп калбаш керек. Менин силерге кеңешим, колдон келишинче көп тил үйрөнүүгө аракет кылгыла.  

Москва мени сыйлайт, мен аны сыйлайм. Бөлөк үйгө өз эрежелериң менен кире албайсың. Конок экенимди эсимден чыгарбайм. Москванын эрежелерин, мыйзамдарын так билем. Балким, ошон үчүн андан бир дагы жолу жамандык көргөн жокмун.

Бөтөн жерде ар кандай учурга кабыл болосуң. Кыйынчылык менен беттешкенге даяр болуш керек! Менин досум - билим. Ошол көп нерседен куткарып калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт