// //

Күйөөм мурда эле кыз эмес экенимди билгенин айтты. Эмне кылсам болот?

2021.01.12, 13:12
2608

Мен 23 жаштамын. Турмуш курганыма бир жылдан ашты, ортодо 6 айлык балабыз бар. 9-класста окуп жүргөнүмдө классташ балама алданып намысымдан ажырагам. Азыркы жолдошум менден алты жаш улуу. Биринчи нике түндө эле кыз эмес экенимди билген экен. Андан бери бир жыл өттү. Жакында интернеттен бир бала жазып калыптыр. Ал учурда телефонум жолдошумда болчу. Экөө сөгүшүп, урушуп жаман болуптур. Кечинде ичип келип: "Мен сенин кыз эмес экенинди башында эле билгем. Ошого карабай сага үйлөндүм, сүйгөнүм үчүн. Намысыңды алган адам ким экенин айт!" Акыры классташым экенин билди. Көрсө ал экөөнүн жалпы тааныштары көп экен. Эми алар мени "башы жок ,ошол кызды алды",-деп ойлоп жүрөт да. Мени менен ажырашпай турганын айтты. Бирок мен мурдагыдай болуп жүрө албайтам. Көзүнө карай албай уялып, эмне кыларымды билбей кыйналып кеттим. Кээде ажырашып кетсемби деп ойлойм. Баламды ойлоп айлам кетет. Эмне кылсам болот? Кыскасы, жолдошум менин кыз эмес экенимди мурда эле билгенин билип, жанында жүргөндөн качып эле сүйлөй албайтам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.01.2021, 13:31

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Кырдаалды жакшы түшүнүү үчүн катыңызды бир нече жолу окуп чыктым. Сиз "класссташ балама алданып намысымдан ажырагам",-деп жазыпсыз. Жыныстык катнашка баруу - сиздин тандооңуз болчу. Ал жигит сизди зордуктаган эмес, туурабы? Сиз өзүңүз аны менен кошулууну тандадыңыз. Ошондо, сиз өзүңүздү жана тандооңузду кабыл албай жатасыз. Бул жерде качуу процесси жүрүүдө. Эгер сиз аны менен болуудан баш тарткан болсоңуз, анда бул дагы сиздин да тандооңуз болмок.

Андан кийин, мындай деп жазыпсыз: "Жакында интернеттен бир бала жазып калыптыр. Ал учурда телефонум жолдошумда болчу. Экөө сөгүшүп, урушуп жаман болуптур." Айтыңызчы, ушул окуя боюнча сиздин жоопкерчилигиңиз барбы? 

"Эми алар мени башы жок ,ошол кызды алды деп ойлоп жүрөт да." Сиз өзүңүз жөнүндө кандай ойдосуз? Сиз өзүңүздөн уяласызбы? Бул суроолорго чын ниетиңиз менен жооп бергенге аракет кылыңыз.

Балким, күйөөңүздүн алдындагы уялчаактыгыңыз, биринчи кезекте өзүңүздөн өзүңүз уялганыңыздан улам келип чыккан. Сиз өзүңүздү, мурун жасаган тандооңузду кабыл албай жатасыз.

Эң биринчи өзүңүздү-өзүңүз кандай болсоңуз, ошондой кабыл алсаңыз, жан дүйнөңүз тынчтана баштайт. Башыңыздан болуп өткөн өз тажрыйбаңызды кабыл алыңыз. Ошондо башка адамдарга болгон мамиле өзгөрө баштайт. Сөзсүз түрдө психологго кайрылыңыз. Анткени, абалыңызды толук билмейин, кенен жооп берүү мүмкүн эмес. 

Психолог Эльвира Чокоева менен @elvira_psiholog инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт