Германияга кетүүнүн дагы бир жолу - Au Pair программасы
Au Pair деген эмне?
Au Pair программасы менен Германияга бир жылга барып иштеп келсе болот. Бул тил үйрөнүү, башка мамлекеттин маданияты менен таанышуу жана саякаттоо үчүн мыкты жана салыштырмалуу кымбат эмес мүмкүнчүлүк. Программанын катышуучулары үчүн бир үй-бүлө тандалат, анда алар үй-бүлө мүчөсү катары жашап, кичинекей балдарга каралашып, тиричиликке жардам берет.
Программага катышуу үчүн:
- Сиздин жашыңыз 18-27ге чейин болушу керек
- Немец тилинде сүйлөгөндү бишиңиз керек
- Кичинекей балдар менен тил табыша алышыңар керек
- Айдоочулук укуктун (водительские права) болушу милдеттүү эмес, бирок, чоң артыкчылык берет.
Au Pair программасы менен кетүү үчүн канча каражат керек?
- Агенттиктердин үй-бүло таап бергени үчүн - 100 $дан жогору
- Виза – 75 €
- Билеттин баасы - 300 $дан жогору (Айрым учурларда сизди чакырып жаткан үй-бүлө жол кирени өз мойнуна алат)
Au Pairs тын милдеттери
Милдеттери ар башка үй-бүлөдө ар кандай боло берет. Негизгиси - балдарга каралашуу. Аларды бакчасына, мектебине узатуу, жеткирүү, кайра тосуп алуу. Балдар менен сейилдөө, түрдүү ийримдерге алып баруу. Көпчүлүк учурда, үйлөрдү жыйнашуу, кирлерди чогултуу, тазаларын орду-ордуна салыштыруу, үтүктөө. Айрым учурларда, жеңил тамак жасоо. Жумасына 36-40 саат иштеп, 1-2 күн эс аласыз. Эгер, дем алыш күндөрдө да жардам берүүңүздү суранса, ага өзүнчө акы төлөнөт.
Тосуп алуучу үй-бүлөнүн милдеттери
Тосуп алуучу үй-бүлө сизге камсыздандырууну (страховка) төлөп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле өзүнчө бөлмө бөлүп берүүгө жана тамак аш менен камсыздоону мойнуна алат.
Көпчүлүк үй-бүлөлөр немец тилин окуу курсун толугу менен же жарым-жартылай төлөп берүүгө макул болушат.
Айлык акы: 260 €.