Кайын энем “келин” деген сөз жакпай турганын айтып таң калтырды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
“Ай, жакпайт ушу сөз!”. Колун серпип басып кетти. Камыр жайып жаткам. Күлүп коюп, ишимди уланта бердим.
Күйөөм менен кыз-жигит болуп жүргөндө апасы башкача экенин айта берчү. “Өзүнүкүн бербейт”, “башкача ойлонот”, “элдин сөзүн укпайт”, “танго бийлегенди жакшы көрөт”, “крешкини аябай жейт” ж.б. Кандай аял болду экен деп көргүм келе берчү. Таанышканда жигитим чын эле айтканын билдим. Кафеге кирип барарым менен, “сенби баламдын жүрөгүн уурдап алган”,-деген. Ойлонуп туруп калсам, тамаша экенин айтып каткырып кирсе болобу.
Кайсы учурда тамашалап, кайсы учурда чын айтып жатканын билбейсиң. Башында, “Апа, чынбы же тамашабы?”,-деп сурап турчумун. Бара-бара көнүп деле калдым.
“Бөпөм”, Бепуням”, “Бөжөгүм” ж.б. Келгенден бери ар кандай атап чакырат. Бир дагы жолу “келиним” деген жок. Башкалар “келиниңби”,-деп сурашса, “Жок, Бепуням”,-деп жооп берет.
- Ошо келиниң да, туурабы?
- Жок, Бепуням.
- Ээ макулчу.
Үйгө жумасына үч жолу бир мугалим келет. Кайын энем тангону жакшы көрөт дебедим эле, ошол боюнча сабак өтөт. Акыркы үч жумадан бери кайын энеме кошулуп мен дагы үйрөнө баштадым. “Бийлегенде жашап жатканымды сезем”,-дейт. Чындап эле бий бул башкача керемет экен.
“Келин” деген сөз жакпай турганын айтат. Себебин сурасам, “мага келин кереги жок, мага курбу керек”,-деген.
- Бирөөнү башкарып, акыл үйрөтө турганга акым жок. Ар ким кандай жашашты өзү билет. Мен аны кабыл аламбы же жокпу, бул менин көйгөйүм, аныкы эмес. Эмне үчүн мага бир нерсеси жакпаса, мен үчүн өзгөрүшү керек. Ага эмес, мага жакпай жатпайбы туурабы?
- Туура, туура.
- Мага тамак жасап бербей эле кой. Ар кимдин табити ар кандай. Өзүм эле жасап жеп алам. Мага кандай жагарын сен кантип билмек элең. Андан көрө тур, курстарга жазылып, өзүңдү өстүрө бер.
- Макул, макул.
Кайын энем менен сүйлөшсөң өзүнчө эле мотивация алып чыгасың. “Ай, үйдө эмне жатасыңар, тур көчөгө чыккыла.” Үйгө эрте келсең кайгырат, кеч келсең сүйүнөт.
Ушундай кайын энеге туш болгонума аябай сүйүнөм. Анын жанында күн сайын өсүп жатам. Бир гана нерсе айткым келет. “Апа, билем “келин” деген сөздү жаман көрөсүз. Бирок, келиниңиз сизди аябай жакшы көрөт.”
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди