Кантип толуп кетем деп коркпой майрамдаса болот? Психолог айтып берет
Тамактануу психологиясы боюнча адистешкен гештальт-терапевт жана психолог Светлана Синельникова "Мен эмне үчүн жейм?" деген суроого кантип жооп табуу керек экенин айтып берди. Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.
Бул суроого жаңы жылда гана эмес, жалпысынан комплекстүү мамиле жасоо керек. Ооба, диетологдордун кеңештери дагы иштейт, мен аларды туура эмес дебейм. Болгону бир заматта эле көнүмүш адаттардан арылуу өтө кыйын.
Мен тамак менен эмне алам? Бул суроонун үстүндө жакшылап ойлонуңуз. Тамак-аш кандай эмоцияларды тартууларын түшүнүңүз - даамдуу, кооз, жагымдуу ж.б.
Бул үчүн бир көнүгүүнү жасасаңыз болот. Үч мүнөт ичинде, "Мен эмне үчүн жейм?" деген суроого жок дегенде он жооп жазыңыз. "Ачкачылыкты канааттандыруу" деген жооп бул себептердин тизмесинде биринчи орунду ээлей бербейт. Муну өзүңүз деле байкайсыз.
Жооп бергенден кийин, бул сезимдерди тамактан башка кандай жол менен алсаңыз болору тууралуу ой жүгүртүңүз.
Мисалы, көңүл ачуу үчүн тамактанам. Көңүл ачуу - бул эмне? Жалгыз калганда көңүлүм жок болот, зеригем, кайгырам анан тамак жейм. Жалгызсырабаш үчүн эмне кылсам болот? Тамакты эмне менен алмаштырсам? Досума, апама же башкаларга чалам, көчөдө сейилдейм ж.б. Ар бир себепке ушиндай сыяктуу жооп бериңиз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Чипсы, фаст-фуд жегендердин организмине эмне жетишпейт? Диетолог айтып берет