Чипсы, фаст-фуд жегендердин организмине эмне жетишпейт? Диетолог айтып берет
Диетолог Гүльнара Абдрахманова Bilesinbi.kg'ге эмне себептен зыяндуу тамактарды жегибиз келээрин жана бул каалоону кантип жеңсе болоорун айтып берди.
Таттуу жегиңиз келсе – организмге магний керек. Шоколаддын ордуна - ашкабактын данеги, шпинат, кызылча, буурчак, кунжут, кинза, күн карама үрөнүн жеп көрүңүз.
Чипсы, кириешки кааласаңыз - организм сууга муктаж. Бир стакан суу ичип, кара нан, зайтун жана помидор жеңиз.
Майлуу тамактарга тартса - кальций жетишсиз. Тофу, кунжут, йогурт, сыр, шпинат, кызылча жалбырактарын жана сардинаны даамдап көрүңүз.
Фаст-фудду эмне үчүн жегиңиз келет, себебин аныктаңыз. Мүмкүн алардын даамы эмес, физикалык касиеттери жагат. Эгерде кырсылдаган үнүн жактырсаңыз, сабиз же бадам сыяктуу тамактарды колдонуңуз.
Зыяндуу тамактарга кантип жок десе болот?
- Зыяндуу бир нерсе жегиңиз келип жатса, "Мен муну жебейм" деп кесе сүйлөңүз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй бул ыкма 80% жардам берет.
- Алдыга максат коюңуз. Бир айда канча килограмм арыктагыңыз келет, жазыңыз. Кыялыңыздагы келбеттин сүрөтүн таап, чыгарып алыңыз. Өзүңүзгө тыюу салынган азыктарды жегиңиз келсе, ошол сүрөттү карап, окшошууга аз калганын элестетиңиз.
- Өтө муздак эмес, бөлмө температурасындагы суу ичиңиз. Суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунушталат.
- Физикалык көнүгүү жасаңыз: жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү.