// //

Маршурткадан болочок кайын атама орун бошотуп бербей коюп уят болгом

2020.12.18, 17:19
6729

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Өзү мен жөн жүрбөгөн адаммын. Ар дайым бир балээнин үстүнөн чыгам. Бул жолкусунда “вообще лажа” болдум. Анда эмесе угуп тургула.

- Сен?

- Сиз?

- Ата таанышып алыңыз, бул болчок күйөө балаңыз болот.

- Эмне?

- Атаңбы?

- Ушубу жигитиң?

Мен сүйгөнүмдү карайм, ал атасын, атасы мени. Үчөөбүз шок болуп канча турганыбызды билбейм, ити келип колумдагы тортту жалап жибергенде эсибизге келдик. “Кир эми”, кайын атам жолдон качып, эшикти ачты. Күнөөлүүдөй башымды жерге салып үйүн көздөй жөнөдүм.

- Ай жигит! Бул байкеңе туруп берип койсоң боло, жаш эле неме экенсиң.

- Колумдагы тортум жалпайып калат, туруп бере албайм.

- Ай, эмне дейт?

- Байке деле жаш экен, мен азыр түшөм, кичине чыдап турат.

- Мына сага!

- Эже, туура түшүнүңүз, өзүм “мандраж” болуп баратам. Бүгүн мен үчүн маанилүү күн, сүйгөнүмдүн ата-энеси менен таанышам. Толкунданганымдан колу-бутумду сезбей калдым, азыр тура албайм чын. Могу тортту араң кармап келатам.

Ошол маалда тиги байке мага бурулуп:

- Эмне ал кызды ушунчалык сүйөсүңбү?

- Ооба, ал үчүн баарына даярмын.

- Атасы макул болбой койсочу?

- Атасынын ишеничин актаганга аракет кылам. Кызы мени менен бактылуу болорун көрсөтөм. Батасын алмайын, артынан чуркап жүрө берем. А эмне үчүн сурап жатасыз?

- Жөн эле, менин дагы кызым бар.

Бир аялдама эрте түшүп алыпмын. Болбосо тиги байке экөөбүз эбак эле жолукмак экенбиз.

Дасторконго отурарыбыз менен сүйгөн кызым мени мактап кирди.

- Ата, Азим сонун жигит, анан спортсмен, анан медалы дагы бар, анан неме тамакты мыкты жасайт, анан...

- Кызым болду, мен бул жигиттин кандай экенин жакшы билем.

- Кайдан билесиз?

- Мага маршруткадан орун бошотпой койгон.

- ...

- Капа болбо кызым, жүргүнчү катары анча эмес, бирок  күйөө балам болууга ылайыктуу жигит. Андыктан, силерге батамды берем.

Толкунданганымдан байкабай ит жалаган торттон бир кесим жеп жибериптирмин, баары күлүп жатып калышты.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт