// //

Кыз-жигитке кеңеш. Сүйүктүүңдүн ата-энесине кантип жагуу керек?

2019.01.09, 16:57
4652

Мына ошентип, сүйүктүүңдүн ата-энеси менен таанышууга убакыт келди. Ата-энесине кантип жакса болоорун бул көрсөтмөдөн таба аласың.

Кыздын ата-энесине кантип жакса болот?

Чыныгы мырза экениңди көрсөтүп, этикалуу бол.

  • Таанышууга классика кийинип бар
  • Кызың сылыктык үчүн эч нерсе албай эле кой дейт, бирок, кур кол барба
  • Апасына гүлдесте, дасторконго торт ал
  • Жаш балдарга шоколад болот
  • Үйүнүн жайлуулугун айтып өт
  • Апасынын тамагын макта
  • Маанайың ачык болсун.

Анткорлонбо! Кандай болсоң, ошондой бол! Роль ойноонун кереги жок.

Таанышуу учурунда буларды жасаба:

  • Көп сүйлөбө, берген суроолорунан качпа
  • Талашып - тартышпа
  • Диний, саясий суроолорду козгобо 
  • Мактанба.

Жигиттин ата-энесине кантип жакса болот?

Болочок күйөөңдүн ата-энеси менен таанышууга бараардан мурун мыкты даярдан. Алгачкы таасир өтө маанилүү экенин унутпа.

Өзүңдү сыйлаган адам экениңди көрсөткүң келсе, сүйлөп жатканда полду же шыпты эмес, көздөрүнө кара. Тике карап туруп алба!

  • Көйнөгүң жөнөкөй болсун
  • Өтө ачык боенбо
  • Чачыңды иретте
  • Апасына гүлдесте унутпа
  • Дасторконго торт ал
  • Үйдүн тазалыгын айтып өт
  • Тамагын макта, рецебин сура
  • Дасторкон даярдаганга жардам бер.

Булар сага жардамчы болот:

  • Тамактанып бүткөндөн кийин апасы менен сүйлөш
  • Баласын мыкты тарбиялаганын айтып, кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн сура
  • Жигитиң тууралуу көбүрөөк билгенге аракет кыл
  • Конок көпкө калбайт, бир себеп айтып, ыраазычылыгыңды билдирип кет.

Эсиңде болсун, сүйүктүүңдүн ата-энеси, сенин ата-энең эмес. "Эми булар сенин үй-бүлөң",- деп айтылган кептерге карабастан, алардан ата-энең жасаган мамилени күтпө.

Мамиледе ар дайым аралыкты сакта, сылык болуп, жылмайып, ушактарга, талкууларга катышпа, белек берип көңүл буруп тур.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт