// //

Ачуумду кармай албай, апамды кагып-силкип алам. Эмне кылсам болот?

2020.12.08, 16:31
1710

Саламатсызбы! Мен 23 жаштамын. Ушундай жаман адатым бар, бат жиним келе берет. Жөнөкөй нерсеге таарынып,  жадакалса апамды дагы кагып-силкип салам. Өзүмдү оңдойун дейм, такыр колумдан келбей койду. Мүнөзүмдү кантип оңдосом болот? Бир туугандарым менен дагы урушуп кете берем. Эл менен да катышпайм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.12.2020, 16:35

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы! Негизи эле адам баласында агрессивдүүлүк тубаса бар. Агрессивдүүлүктөн кекчилдик, ачуулануу, каарлануу жана жини келгендик келип чыгат. Мунун баары эмоциялык дүйнөгө таандык.

Биринчиден, кыжырдануу, туталануунун келип чыгышына ден соолугуңуз да таасир этет. Уйкуңуз канбаса, өзүңүздү жаман сезип турсаңыз, ачка болсоңуз - жиниңиз келишинин себеби.

Экинчи, бул сиздин мүнөзүңүздүн өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Бул өзгөчөлүк бала кезде калыптанат. Убагында туура мамиленин жоктугу, өздүк бааңыздын төмөндүгү, эч ким менен жакын жылуу мамиленин жоктугу, бирөөгө көз каранды болуу - бул социалдык фактор.

Материалдык жетишпегендик, үй-бүлөдөгү зомбулук ж.б. да ушундай мүнөз калыптанышына алып келет.

Эмне кылуу керек? Көңүлдү башка нерсеге буруу. Көнүгүүлөр, бетти муздак суу менен чайкоо, сейилдөө, демди мурдуңуздан киргизип, оозуңуздан чыгаруу, колдорду-буттарды ушалоо, мүмкүнчүлүк болсо, жакын адамды кучактоо, эгер жакшы көргөн итиңиз болсо аны сылап, жанында отуруу, наушник аркылуу жакшы музыка угуу, жакшы кино көрүү.

Кээде жакындарыңыз күнөөсү жок жерден сизден кагуу жеши мүмкүн. Бул учурда сиз ал адамдардын да көңүлүн калтырып алышыңыз мүмкүн экендигин билишиңиз керек.

#билесиңбиөспүрүм

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт