// //

Жаман көрүп жүргөн тайкем атамдын ордуна ата болуп күйөөгө узатты

2020.12.07, 21:12
8185

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш кыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Колумду катуу кысып кармады. Ошондо толкунданганынан титиреп жатканын билдим. “Баары жакшы болот, баары жакшы болот...” Улам-улам кайталап, терең-терең дем алып жатты. Чынында бул жерде тайкем эмес, мен толкунданышым керек эле (күлүп).

Ресторандын эшиги ачылды. Элдер кол чаап киришти. Ыр коюлду. Төрдө сүйүктүүм гүл кармап турат. Тайкем музыканын ыргагы менен мени жетелеп жөнөдү. Залдын ортосуна келгенде, “Бема, мени сени аябай жакшы көрөм”,-деп шыбырады. Оор басырыктуу, түнт тайкемден мындайды күткөн эмесмин. Бурулуп, “ата, мен дагы сизди жакшы көрөм”,-дедим.

Атам жети жашымда капыстан каза болуп калды. Ошондо биринчи жолу боз үйдү көрдүм. Бирок, ичине киргенден корктум, аялдардын, өзгөчө апамдын өкүрүгүн угуп качып кеттим. Тамдын башына чыгып алып ыйлап отуруп уктап калыпмын. Тайкем келип, “жүр, апаң издеп жатат”,-деп ойготту. Ошондо биринчи жолу тайкемди көрдүм. Буга чейин Россияда жашачу. Бирок, эмнегедир кайра Россияга кеткен жок.

Түн. Чоң апам “менин баламдын үйү”,-деп, апам, мен жана иним үчөөбүздү кууп чыкты. Жакшы көргөн мамалагымды дагы бербей койду. Мен ошону эстеп ыйлап баратам, апам инимди жетелеп алып ыйлап баратат. Таенемдикине кантип жеткенибизди билбейм, кирип барып эле уктадым. Эртең менен турсам буттарым ооруп калыптыр. Кыязы, эки айыл жөө басканга окшойт.

Тайкемди жаман көрчүмүн. Эшикте ойноп жүрсөм, “сабагыңды оку”,-деп үйгө алып кирип койчу. Анысы аз келгенсип, мугалим классташы менен сүйлөшүп, англис тили курсуна жаздырып койду. Көп өтпөй бийге, анан сүрөткө бара турганымды билдим. “Билимдүү болушуң керек!” Мени көрсө эле ошону айтат. Инимди дагы тынч койбойт. Улам күндөлүктөрүбүздү текшерип, биз менен кошо сабак даярдайт. Иним экөөбүз “тажатты”,-деп бири-бирибизге даттанып алабыз. Бирок, тайкеме унчукпайбыз, анткени аябай сүрдүү эле. Көп өтпөй иним мелдештерден медаль алып келе баштады. Мен дагы олимпиадалардан биринчи орунду эч кимге бербей калдым.

Университеттин алдыңкы студенти болуп аяктадым. Иним мектепти бүтөрү менен чет өлкөгө учуп кетти. Бир университетке документ тапшырса өтүп кетиптир. Биринчи жолу тайкемдин көз жашын ошондо көрдүм. Инимди катуу кучактап жатып, байкатпай жашын сүртүп койду. Иним самолетке түшүп баратып тайкеме, “ата”,-деп бакырып, артын карабай чуркап кетти.

Эми минтип мени атамдын ордуна ата болуп күйөөгө узатып жатат. Бир убакта “ойнотпой койду”,- деп жаман көрчү элем, азыр андан жакын адамым жок. “Ата”,-деп сыртыман айтпасам дагы, аны ар дайым ичимен “ата” дейт элем. Бүгүндөн баштам “ата”,-дейм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт