// //

Мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин! Үйүнөн зордук-зомбулукка кабылган балдар

2020.12.07, 17:11
2274

Психолог Нуриза Батырбекова зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын жашоого тийгизген таасири жана алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.

Зордук-зомбулуук дегенге эмнелер кирет?

Психологияда зордук зомбулукту беш түргө бөлүп каралат. Алардын ар бири өто оор, жана адамдын жашоосуна кесепетин сөзсүз тийгизет.

  • Физикалык
  • Эмоционалдык
  • Эмгегин эксплуатация кылуу
  • Сексуалдык
  • Көңүл коштук

Зордук-зомбулук адамдын жашоосуна кандай таасирин тийгизет?

Анын таасири терс экенин айтпаса деле бардыгыбыз билебиз. Ошого карабастан ушу күнгө чейин түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Кичинекей кезиндеги жагымсыз тажрыйба адамдын мүнөзүн өзгөртөт. Адатта балдар коркок, жалтак, түнт же тескерисинче агрессивдүү, каалоолорун ишке ашыра албаган, оюн ачык айта албаган адам болуп калышы мүмкүн.  

Бала кезинде үй-бүлөдөн ур-токмок жеген бала сөзсүз эле ийгиликсиз, кедей-кембагал болуп калат дегендик эмес, жок. Андай адамдар деле үй-бүлө курушат, балалуу болушат, карьера жасашат. Бирок алардын жан дүйнөсү абдан жабыркайт. Жашоодон ырахат ала албайт, өзү-менен өзү гармонияда боло албайт.

Ата-эне билбей баласын зомбулукка кабылтып алышы мүмкүнбү?

Ооба. Мисалы, кыргыздарда “элдин балдары” деген сөз бар. “Элдин балдары минтет экен, тигинтет экен. Элдин балдары кыйын, сен эле эч нерсеге жарабайсың” – дегенди баарыбыз эле угуп чоңойдук. Бирок, чынында бул сөз балага катуу тиет. Акыры, ал ата-энесинин сөзүнө ишене баштайт. Мен жалкоомун, колуман эч нерсе келбейт, мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин, - деген ой мээсинде калыптанып калат.

Ошондуктан баланы башка бирөөгө эмес, өзүнө-өзүн салыштыруу керек. Мисалы: былтыр жакшы окудуң эле, быйыл сага эмне болгон? – десеңиз болот. Ал ойлонуп, анализ жасап, жыйынтык чыгарганды үйрөнөт.

Ар бир балага индивидуалдуу мамиле жасоо керек. сын тагуу, салыштыруу да зомбулуктун бир түрү болуп калат.

Биз деле таяк жеп чоңойгонбуз азыр нормалдуу эле адам болбодукпу, деп көп айтышат, бул туурабы?

Мындай позиция туура эмес. Биз, биздин ата-энебиз чоноюп тарбия алган заман башка болчу. Азыркы замандын балдары башка. Демек аларга да башкача мамиле кылып, тарбия берүүсүнө, өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүп, мамиле жасашыбыз керек.

Эмне үчүн кээде балдар атайы жиниңе тийип жаткандай сезилет?

Мисалы биз баланы урушуп, “тез-тез кыймылда!”, - деп буйрук бердик. Балабыз шыпылдап тезирээк жасагандын ордуна атайы эзилип, жай кыймылдап жаткандай сезилет.

Ал атайын жасаган жок. Коркуу сезими анын мээсин өчүрүп, кабыл алуусун жайлатып салды. Канчалык катуу, кыйкырып айтсаңар деле сөздөрүңөрдү түшүнбөйт. Аракет кылса да мээси процесстердин бардыгын автоматтык түрдө жайлатып салды.

Мындайда, ылдый отуруп, бетме-бет, баланын көзүнө карап сүйлөшүү керек. Мен сага жамандык кылбайм, мен сени урбайм, менден коркпо, деген ойду жеткириңиз.

Өспүрүм балдар өздөрүн зордук-зомбулуктан коргой алышабы?

Ооба. Мен үй-бүлөдо зордук-зомбулукка күбө болгон же ага кабылган балдардын бардыгына айткым келип турат: Жардам сурагандан тартынбагыла! Жакындарыңарга, туугандарга, мугалимге билдиргиле. Бизде акысыз психологиялык колдоо көрсөтүү кызматы бар, 111, 112 кыска номерине чалып, жардам алсаңар болот.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу жолдору барбы?

Ар бир бала тынч үй-бүлөдо жашоого акылуу. Зордук-зомбулукту алдын алуу, баланын өнүгүүсүнө бардык шартты түзүү - бул ата-эненин милдети.

Жеке пикириңди ачык айтуу, башканын оюн уга билүү керек, ушул эле нерсеге балдарды үйрөтүү керек.

Үй-бүлөдөгү кичинекей ырымдар, салттар, майрамдар да анын ынтымагын арттырып, жагымдуу атмосферанын түзүлүшүнө өбөлгө болот.

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт