// //

Мени эстебеген апамды сагынып ыйлай берем. Кантип аны унутсам болот?

2020.12.04, 11:55
1790

Кандайсыз! Мен 15 жаштамын, 9-класста окуймун. Азыр аябай көңүлүм түшүп эле, ыйлагым келип жүрөм. Өзүмчө кыйналып эле, өлүп алгым келип кетет. Атам менен апам ажырашып кеткен, апамды сагынам. Бар оюм ошондо, бирок ал мени эстебейт, менчелик сагынбаса деле керек. Жок дегенде чалып же жазып койбойт. Мында чоң эне, чоң атам менен турам. Чоң энем көп урушуп, көңүлүмдү калтырат, андан да катуу сагынып кетем апамды. Ыйлайм анан. Ал карып калган адам болгондуктан мени түшүнө бербейт. Же эжем жок. Кээде, кээде класс жетекчим менен сүйлөшүп калам бирок анын да өзүнүн маселеси бар да. Башка бирөөгө жүк болгум келбейт. Мага бир аз колдоо, мээрим жетишпей атат. Айланамдагы досторум, мугалимдерим, туугандарым, тааныштарым баары эле мени жаман көрөт деп ойлой берем. Эч кимге керегим жок жалгызмын. Мен бир өзгөчө мамилеге, мээримге муктаж болуп турам. Кантип ыйлабай эстебей койсом болот апамды? Жүрөгүм ооруй берет аны эстесем эле.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2020, 11:56

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы! Эң биринчи сизди баары жаман көргөн жок, бул сиздин жеке оюңуз. Экинчиден, ата-энеңер сиз менен эмес, бири-бири менен ажырашты. Кандай болгон убакта да, алардын оюу сизде, көбүнчө апаңыздын оюу. Турмушта адамдар көп жаңылышат жана ал каталарын туура оңдой албай калышат. Ошол ойлор менен, көйгөйлөрү менен алпурушуп жүрүп, балдарына көңүл буралбай калат экен. Мунун баары атайын жасалган эмес.

Сиз чоңдордун арасында эмне сөз болгонун билбейсиз, алар кандай шарт менен ажырашканы да белгисиз, ошондуктан сиз өзүңүздү, ата-энеңизди күнөөлөбөй, түшүнүүгө аракет кылып көрүңүз.

Ооба, сизге оңой эмес, бирок бул сиздин тажрыйбаңыз, ошону туура колдонгондой болуңуз. Ушул тажрыйбаңыз сизге турмушта жаңылбаганга жардам берет. Эч болбосо класс жетекчиңиз менен сүйлөшүңүз, ачылыңыз. Сизге жардам берүүгө даяр экенине ишенем.

Сизди алдыда көп сонун күндөр күтүп турганына ишениңиз, ал чынында ошондой. Көп убакыт өткөндөн кийин, ушул тажрыйбаңыз сиздин мыкты, бактылуу адам болууңузга жардам бергенин түшүнөсүз.

Ийгилик каалайм! Баардыгы сиз ойлогондон да жакшы болот!

#билесиңбиөспүрүм

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт