// //

Абитуриентке: Самолёт учургандарды даярдаган окуу жай

2019.01.09, 12:17
4090

Биздин сайт буга  чейин Инновациялык кесиптер институтуна караштуу колледж, Темир жол кесиптик лицейи, Байланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейи тууралуу маалыматтарды чыгарган. Кезек Ишеналы Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтка жетти.

Кыргыз авиациялык институттун орто кесиптик бөлүмү 9-11 класстын базасында абитуриенттерди кабыл алат. Колледжге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок, абитуриенттер ички тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат.

Төмөнкү адистиктердин окуу мөөнөтү 2 жыл 11 ай, абитуриенттер 11-класстын базасында кабыл алынат

  • Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо. Квалификациясы - техник. Окуу акысы – 25 300 сом. Бюджет бар.    
  • Учуучу аппаратттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө. Квалификациясы  - техник. Окуу акысы – 25 300 сом. Бюджет бар.                         
  •  Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо.   Квалификациясы  - учкуч. Окуу акысы – 65 000 сом.
  •  Аба транспортунун кыймылын башкаруу. Квалификациясы – диспетчер. Окуу акысы – 65 000 сом.
  • Аба транспортундагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу. Квалификациясы  - техник. Окуу акысы – 25 300 сом.
  • Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо. Квалификациясы - техник. Окуу акысы - 25 300 сом. 9-класстын базасында тапшыргандар үчүн окуу мөөнөтү 3 жыл 10 ай, окуу акысы – 20 400 сом.

Төмөнкү адистиктердин окутуу мөөнөтү 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай.

  • Транспортто тейлөө (аба транспортунда). Квалификациясы  - борт коштоочу. Окуу акысы – 35 00 сом.
  • Транспорт коопсуздугу (аба транспорту боюнча). Квалификациясы - авиациалык коопсуздук боюнча адис. Окуу акысы –  9-класстын базасында окугандар үчүн -20 400 сом. 11-класстын базасында окугандар үчүн - 25 300 сом.
  • Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө. Квалификациясы  - техник. Окуу акысы – 20 400 сом / 25 300 сом.
  • Менеджмент (аба транспортунда). Квалификациясы  - менеджер. Окуу акысы – 20 400 сом / 25 300 сом.
  • Кемелердин энергетикалык орнотмолорун эксплуатациялоо. Квалификациясы - техник-судомеханик. . Окуу акысы – 20 400 сом / 25 300 сом.

Кирүү экзамендери:

Техникалык кесиптерге тапшыргандар математика жана кыргыз же орус тили сабактарынан тест беришет.

“Учкуч”, “Борт коштоочу”, “Диспетчер” адисттиктерине тапшыргандар чет тил жана кыргыз же орус тили сабактарынан тест беришет.

Тест жалпы орто билим берүү программасынын негизинде жүргүзүлөт.

Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:

  • Арыз
  • Билими тууралуу документ (түп нускасы)
  • №86/у формасындагы медициналык маалым кат, флюрографиялык сүрөтү менен кошо
  • Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерден маалым кат
  • 3х4 өлчөмүндөгү баш кийимсиз түшкөн фото сүрөт 6 даана

Паспорт жана аскердик билеттин түп нускасы кабыл алуу комиссиясына көрсөтүлөт.

  «Учкуч», «Диспечер», «Борт коштоочу» адистиктерине өтүп жаткандар рентгенолог жыйынтык берген мурундун  каңылжаарынын рентген сүрөтүн тапшырышат.                                                                

    «Учкуч», «Борт коштоочу», «Диспетчер» адистиктерине өтүүчүлөр медициналык  комиссиядан, кесиптик-психологиялык  жарактуулук сыноолорунан (ВЛЭК) өтүшөт.

Каалоочулар жатакана менен камсыз кылынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:      

720009 Бишкек шаары, 

Академик Лущихин көчөсү № 60                                                   

Тел.:  (312) 41-80-43, 41-80-38, 41-80-32                                                                       

И. Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациялык институтуна кош келиңиз!                                                                                                                                                  

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт