// //

Алтымыштагы апамды сүйгөн байке жигитиме караганда “ухажавать” эткенди билет

2020.12.02, 12:37
5218

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш кыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

12 барактуу көк дептерди толтуруп ыр чыгарыптыр. Совет кинолорундагы байкелер кийген боз костюм-шымдар эсиңердеби? Дал ошондой кийинип келип, эки саат бою көркөмдөп ырын окуп берди. Баса, башында шляпасы дагы укмуш, азыр “точно” андай таппайсыңар. Ошондо дагы апама жакпады. “Чай берип узатсаңыз болмок”,-деп жымыңдасам, колундагы майлыгы менен кубалап кирди.

Электр мешибизди оңдогону келген. Ошондон бери үйдү айланчыктап кетпейт. Апам эки жолу номерин алмаштырды. Кайдан таап алат билбейбиз, эртеси эле кайра чалат.

Кечээ апам боорумду эзди. “Өлүңдү көрөйүн, жыйырма жылдан бери атаң түшүмө кире элек эле, тиги келе баштагандан бери күн сайын кирет.” Ичим ооруп калгыча күлдүм.

Апам алтымыштан ашты. Атам кичинебизде каза болуп калган. Ошондон бери турмушка чыкпай, бизди бутубузга тургузду. Эң кичүүсү менмин, он сегиз жаштамын. Байкем менен эжем үй-бүлөлүү. Апам экөөбүз чогуу турабыз.

Жигитим бар. Бирок, тиги апамдын “ухажеруна” жетпейт. Романтиканын “р”сын дагы билбейт. Шоколад алып келип, кайра өзү жеп кетет. Гүл бербейт. Себебин сурасам, досторунан уялат имиш. Кафеге алып барып эле тамак алып бере берет. “Жөн эле сейилдейличи” десем, “эшик, суук, ооруп калабыз”,- дейт.

Тиги байкеге сөз жок. Күнүнө жок дегенде көңүл ачуунун жүз вариантын айтат.

- Курортко барып келелиби?

- Жок.

- Рестронга алып барайынбы?

- Жок.

- Тоого аң улоого чыгасыңбы?

- Жок.

- Массажга жаздырып коеюнбу?

- Жок.

- Маникюр жасатасыңбы?

- Жок.

- Жүр, духи сатып берем?

- Жок.

Апамды үйдөн чыгара албай убара. А мен алардын сүйлөшкөнүн угуп жыргай отурам.

Кечээ күн суукта, бир кап көмүр, тыбыт жоолук, жүн байпак анан беш литр варенье көтөрүп келиптир. Апам жок болчу, эжесиникине кеткен. Кой, уят болот деп, үйгө чакырып чай бердим.

“Аялым менен жаш кезимде  ажырашып кеткем. Бизди ата-энебиз кыйнап баш коштуруп койгон. Сүйүү жок баары бир жашай албадык. Андан кийин үйлөнбөдүм. Апаңды көрөрүм менен издеп жүргөн адамым экенин билдим. Макул, ушунча күткөндөн кийин, дагы да болсо күтөм. Мени жактырбаса дагы, артынан калбай, болгон аракетимди жасайм. Мурда өлүп калгандан коркчумун, азыр коркпойм, анткени жүрөгүм бош болбой, сүйүүгө толуп токтойт.”  

Оор үшкүрүп чайын ууртады.

- Байке.

- Оу.

- Мен сиз тараптамын.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт