// //

Күйөөмдүн досун сүйөм. Жаш келиндин баяны

2019.01.06, 15:52
7823

Баары 2 жыл мурун башталган...

Турмуш курганыбызга 6 жыл болду. 2 балабыз бар. Күйөөмдүн досун жакшы көрөм. 

Жолдошум экөөбүздү жеңем тааныштырган. Бат эле тил табышып кеттик.  

Болочок күйөөм колумду тизелеп сураса деп кыялданчумун. Андай болбоду. Маршруткада элек, "быйыл үйлөнөм", - деди. "Макулсуңбу" деген да жок. Көнүп калгамбы билбейм, айтоор, бир айга жетпей баш кошуп алдык. 

Ак көйнөк кийбедим, курбуларыма гүлдесте ыргытпадым, вальс бийлебедим.

Апам "сүйөсүңбү, өмүр бою жашай аласыңбы, түнт жигит көрүнөт", - деди. Ар кайсыны айтып, жарытаарлык деле жооп бербедим. Каап, ошондо жакшылап ойлонсом...

Бир жума айылда болуп, шаарга келдик. Билинбей жүрүп 2 балалуу болдук. Үйдө олтуруп калдым.

Мыкты ата болду, бирок, мыкты күйөө боло албады...

Эркелетпейт, сулуусуң дебейт, капалансам кучактабайт, жасаган тамагымды мактабайт, майрамдарда гүл бербейт. Акыркы күндөрү жашоом ушинтип эле өтүп кетеби деп көп ойлончу болдум. 

8 - март. Аяштарыбыз кафеге чакырышты. Каниет да аялы менен келди. Бир столго отуруп калдык. Эмнегедир улам эле көздөрүбүз чагылышып кетет. Жылмайып коебуз.

Кече ортолоп калганда бийге тартты. Белимден кучактаганда, жүрөгүм дүкүлдөп кирди. Күйөөмдү жолуктурганда мынчалык толкунданган эмесмин. Сүйүүбү билбейм. Музыка бүтпөсө экен деп жаттым.

"Аяш тамак ичип жатасызбы, сиздей аяшым бар экенин билген эмесмин, кыязы үйдөн чыкпайт окшойсуз", - деген сайын жүрөгүм бир башкача согот. Жылуу сөзгө муктаж экенимди ошондо сездим. 

Бийлеп жатып, кызганган жокпу деп жолдошум тарапты бир карап коем, мени менен иши да жок. 

"Сени мынча эмне ой басып калган?" , - деп жумушка кетип баратып сурады. Унчукпадым. 

Каниет оюмдан кетпей туруп алды. Ооба, сүйүп калдым. Аны көргөндө эле башкача болгом. Келишимдүү, өзүн караган, жагымдуу жыттанган, билимдүү, орду менен сүйлөгөн, аялга туура мамиле жасаган... Айта берсем сөз көп.

Көргүм келет...

"Мени сүйөсүңбү?", тамак ичип олтурганда сурадым. "Койчу, кайдагыны баштабай" , - деп туруп кетти. 

Социалдык тармактарга кирип Каниетти таап чыктым. Күн сайын  сүрөттөрүн карайм. Аялы менен түшкөн сүрөттөрү көп экен: туулган күнү менен куттуктаптыр, ыраазычылыгын билдириптир, белек бериптир, сюрприз жасаптыр. Кандай гана бактылуу аял.

Көрсө сүйүү башкача болот экен. Күйөөмдү сүйбөптүрмүн. 

Каниет сүйөөрүмдү, фейк аккаунт түзүп алып кат жазып жатканымды билбейт. Көрөт, жооп бербейт. 2 жыл өттү. Айлам кетип баратат.

Сиздерге жазып бир аз жеңилдеп алгым келди. Балким, менин баянымды окуган кыздар, турмуш кураар алдын жакшылып ойлонушаар. Ишенип койгула, чыныгы сүйүү бар экен. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Ч
Чолпон Кулматова
07.01.2019, 04:04

1969#11#10$

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт